Difference between revisions of "АНТАРКТИДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– Антарктикадагы материк, дээрлик Түш. уюл тегерегинин ичинде жайгашкан.

Аянты 13 975 миң км2. Жээктеринде (уз. 30 миң кмден ашык) булуң-буйтка аз; бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч ж-а Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэдделл деңиздери материкке кыйла кирип турат. Түш. Америка тарапка кууш Антарктида ж. а. созулуп жатат. А. – дүйнөдөгү эң бийик материк. Муз кыртышынын бетинин орт. бийикт. 2040 м, б. а. калган бардык материктердин бетинин орт. бийиктигинен 2,8 эсе (730 мге) жогору. Материктин муздун астындагы накта бетинин орт. бийикт. 410 м; кыйла бөлүгү деңиз деңг. төмөн жатат.
А. башка материктерден зор муз каптоосу м-н айырмаланат; материктин аймагынын 0,2 - 0,3% ин (айрым тоо чокулары м-н кырка тоолорду, о. эле жээктердеги чакан жерлерди - Антарктида оазистерин) гана муз каптаган эмес.

Антарктиданын жээги.

Муздун орт. калыңдыгы 1720 м, эң калың жери 4300 мден ашык, жалпы көлөмү 24 млн км3. Муз океанга чейин түшүп, Ронна, Росс, Ларсен ж. б. шельф мөңгүлөрүн пайда кылат. Материктин көп бөлүгүн Антарктида платформасы, калганын Анд (Антарктанд) тоолорунун уландысы болгон Антарктида бүктөлүү кырчоосу түзөт; бул эки регионду бири биринен Уэдделл ж-а Росс деңиздеринин грабени бөлөт. А. таш көмүргө, темир, жез ж-а коргошунга бай; бром, калай, марганец, молибден; графит, тоо хрусталы кендери ачылган.
А-нын жеринин бети Жер шарындагы эң ири бөксө тоону түзөт. А-ны баштан аяк кесип өткөн Трансантарктида тоолору материкти геол. түзүлүшү ж-а рельефи б-ча ар башка эки бөлүккө - Батыш ж-а Чыгыш А-га бөлөт. Чыгыш А-нын борб. бөлүгүн Совет платосу (бийикт. 4000 мгe чейин) ээлейт; ал түндүктү карай жапыздап, Эл аралык геодезия жылы өрөөнүн пайда кылат. Жээк бойлой Королева Мод жери кырка тоосу, Чарлз канзаада тоолору ж. б. жайгашкан. Батыш А-нын жери жалпысынан бир кыйла жапыз, кырка тоолор материктин ички аймактарында (Элсуорт тоолорунун бийикт. 5140 мге чейин – материктин эң бийик жери) ж-а жээк бойлой жайгашкан. Бийик тоолор терең өрөөндөр м-н кезектешип жатат. Негизги тоо көтөрүлүштөр – муз астындагы Гамбурцев ж-а Вернадский тоолору.
Климатынын өзгөчөлүгү б-ча А. үч зонага (бийик тоолуу ички материктик, муз капталы, жээк) бөлүнөт. Ички материктик зона антарктидалык муз тоо платосунун бардык борб. бөлүгүн

АНТАРКТИДА
АНТАРКТИДА. Тектоникалык карта

ээлеп, такай катаалдыгы, Жер шарындагы эң төмөнкү темп-расы, аба ырайынын ачык болушу ж-а анча катуу сокпогон шамалы м-н айырмаланат. Бул зонада кыш айларынын орт. темпрасы –60°Сден –70°Сге чейин. Эң төмөнкү темпрасы –90°Сге чейин болушу мүмкүн (Чыгыш станциясында –88,3°С темп-pa катталган). Муз каптал зонасы ички материктик зонадан түндүктө жайгашып, А-ны жазылыгы 700–800 км келген тилке б-ча курчайт. Мында айлык орт. темпра –30°Сден –50°Сге жетет; төмөнкү темп-ра, материктин ички аймактарынан такай соккон катуу шамал ж-а бурганак мүнөздүү. Жээк зонасы А-ны ичке тилке б-ча курчап, салыштырмалуу жогорку темп-расы (кышында –8°Сден –35°Сге чейин, жайында 0°Сден 2°Сге чейин) м-н айырмаланат; шамалдын ылдамдыгы 50– 60 м/сек, айрым учурда 90 м/секга, жетет. Жаан-чачын А-га кар түрүндө гана жаайт (борборунда 30–50 мм, жээктеринде 700–1000 мм). Оазистерине уюлдук чөл тибиндеги ландшафт мүнөздүү. Көлдөрүнүн курамы ар кандай, өтө туздуулары да бар; айрым көлдөрүнүн музу жайында да эрибейт. Орг. дүйнөгө жарды. Өсүмдүк м-н жаныбарлары Антарктидалык облуска таандык. Флорасынын көпчүлүгү споралуу өсүмдүктөр – мамык чөп, эңилчек, балыр, козу карын ж-а бактериялар. Антарктида ж. а-нда гүлдүү өсүмдүктөр, папоротник сымалдар кездешет. A-да учуучу курт-кумурска, кургакта жашоочу сүт эмүүчүлөр, балык жок. Канаттуулардан пингвиндер; муунак буттуулардан кенекуйрук буттуулар ж. б. кездешет. A-да туруктуу жашаган эл жок. Материкте ж-а ага жакын аралдарда 12 өлкөнүн 40ка жакын (1980) ил. станциялары м-н базалары бар. А-нын укук абалы 1959-жылдагы Эл аралык келишим б-ча жөнгө салынат (к. Антарктика).
Ад.: Атлас Антарктиды. М. Л., ГУГК, 1966, т.1, 1969, т. 2; Марков К. К. и др. География Антарктиды. М., 1966; География Антарктиды. М., 1968.
М. Кадыркулов.