Difference between revisions of "АНИЗОТРОПИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(гр. anisos – барабар эмес ж-а

tropos -багыт) – чөйрөнүн физ. (мех., оптикалык, магниттик, электрдик ж. б.) касиеттеринин ар түрдүү багыттар б-ча бирдей эместиги. 1669-ж. ачылган. Бардык кристаллдар А. касиетине ээ. А. чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физ. касиетинин А-сы алардын симметриясына байланыштуу ж-а канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, А. ошончолук күчтүү болот. Мис., жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал ж-а тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты б-ча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5-108 Н/м2; ал эми куб диагоналынын багыты б-ча чою аткарылса бышыктык чек – 3,5-108Н/ж2ка барабар. А. серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук ж-а электр өткөрүү, катуу нерсенин үн ж-а жарык таратуусунда, о. эле жутуусунда байкалат.