Difference between revisions of "АНГОЛА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
14 -сап: 14 -сап:
Луанда ш. Мамл. тили – португал тили. Акча
Луанда ш. Мамл. тили – португал тили. Акча
бирдиги – кванза. Адм.-айм. жактан 18 провинцияга бөлүнөт.

бирдиги – кванза. Адм.-айм. жактан 18 провинцияга бөлүнөт.

== А. – унитардык мамлекет. А-нын Конституциясы 1975-ж. 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш республика. Мамл. ж-а өкмөт башчысы –
==Мамлекеттик түзүлүшү.==
А. – унитардык мамлекет. А-нын Конституциясы 1975-ж. 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш республика. Мамл. ж-а өкмөт башчысы –
президент (ал 5 жылга шайланат). Президент
президент (ал 5 жылга шайланат). Президент
бардык мамл. ин-ттардын башында турат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – бир
бардык мамл. ин-ттардын башында турат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – бир
22 -сап: 23 -сап:
чыгаруу элдик кыймылы (МПЛА), Анголаны
чыгаруу элдик кыймылы (МПЛА), Анголаны
толук боштондукка чыгаруу Улуттук союзу
толук боштондукка чыгаруу Улуттук союзу
<notkey>(УНИТА)</notkey> ж. б.

(УНИТА) ж. б.

==. Өлкөнүн көп бөлүгүн бийикт. 1000 ''м-''
==Табияты==
Өлкөнүн көп бөлүгүн бийикт. 1000 ''м-''
ден ашкан бөксө тоолор ээлейт. Алардын батышы көтөрүңкү келип, деңиз жээгине тик
ден ашкан бөксө тоолор ээлейт. Алардын батышы көтөрүңкү келип, деңиз жээгине тик
түшөт. Бөксө тоолордун батыш жаты бийигирээк (деңиз деңг. бийикт 1000 – 1500 ''м),'' эң бийик жери Бий массивиндеги Моко чокусу (бийикт.
түшөт. Бөксө тоолордун батыш жаты бийигирээк (деңиз деңг. бийикт 1000 – 1500 ''м),'' эң бийик жери Бий массивиндеги Моко чокусу (бийикт.
56 -сап: 58 -сап:
жаш. Шаар калкы 28%. Ири шаарлары: Луанда, Уамбо (мурдагы Жаңы Лиссабон), Лобиту,
жаш. Шаар калкы 28%. Ири шаарлары: Луанда, Уамбо (мурдагы Жаңы Лиссабон), Лобиту,
Лубанго (Сада-Бандейра), Бенгела, Квито.

Лубанго (Сада-Бандейра), Бенгела, Квито.

== А-нын аймагында калк байыртадан
==Тарыхы.==
А-нын аймагында калк байыртадан
эле отурукташканы белгилүү. 13-к-да Түн. А-да
эле отурукташканы белгилүү. 13-к-да Түн. А-да
Конго мамлекети түзүлгөн. А-га европалыктар
Конго мамлекети түзүлгөн. А-га европалыктар
76 -сап: 79 -сап:
[[File:АНГОЛА_77.png | thumb | АНГОЛА]]
[[File:АНГОЛА_77.png | thumb | АНГОЛА]]
[[File:АНГОЛА_78.png | thumb | Луанда ш-нын дениз жак жээги.]]
[[File:АНГОЛА_78.png | thumb | Луанда ш-нын дениз жак жээги.]]
<notkey>(УНИТА</notkey>, башында Ж. Савимба турган), 1962-ж. Анголаны
(УНИТА, башында Ж. Савимба турган), 1962-ж. Анголаны
бошотуу улуттук фронту (ФНЛА) сыяктуу улуттук-патриоттук уюмдар түзүлөт. 1961-ж. Луандада башталган улуттук-боштондук күрөш жеңишке жетишип, 1975-ж. 11-ноябрда Ангола Эл
бошотуу улуттук фронту (ФНЛА) сыяктуу улуттук-патриоттук уюмдар түзүлөт. 1961-ж. Луандада башталган улуттук-боштондук күрөш жеңишке жетишип, 1975-ж. 11-ноябрда Ангола Эл
Республикасы жарыяланат. Бирок саясий топтордун ортосунда өз ара карама-каршылык күчөп, өлкөдө жарандык согуш башталган.

Республикасы жарыяланат. Бирок саясий топтордун ортосунда өз ара карама-каршылык күчөп, өлкөдө жарандык согуш башталган.

92 -сап: 95 -сап:
ж-а коалициялык өкмөттү түзүү ж-дөгү Лусак
ж-а коалициялык өкмөттү түзүү ж-дөгү Лусак
макулдашуусуна (20. 11. 1994) кол коюуга аргасыз болгон. Бирок иш жүзүндө анын шарттарын аткарган эмес. 22. 2. 2002-ж. Ж. Савимби согуш учурунда курман болгон. Анын ордун П. Лукамба Гату ээлеген. 2002-ж. 4-апрелде А-нын жетекчилиги м-н УНИТА ортосунда со-гуштук аракеттерди токтотуу ж-а жарашуу ж-дө макулдашууга кол коюлган. 2002-ж. ноябрда А-да тынчтык орнотулгандыгы жарыяланган, декабрда БУУ УНИТАга каршы эл аралык санкцияларды алып салган. 2010-ж. жаңы Конституция кабыл алынып, ага ылайык өлкөдө президенттик шайлоо жокко чыгарылып, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиянын лидери президент болот. MПЛA партиясы 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, Ж. Э. душ Сантуш президенттик кызматты ээлеген.

макулдашуусуна (20. 11. 1994) кол коюуга аргасыз болгон. Бирок иш жүзүндө анын шарттарын аткарган эмес. 22. 2. 2002-ж. Ж. Савимби согуш учурунда курман болгон. Анын ордун П. Лукамба Гату ээлеген. 2002-ж. 4-апрелде А-нын жетекчилиги м-н УНИТА ортосунда со-гуштук аракеттерди токтотуу ж-а жарашуу ж-дө макулдашууга кол коюлган. 2002-ж. ноябрда А-да тынчтык орнотулгандыгы жарыяланган, декабрда БУУ УНИТАга каршы эл аралык санкцияларды алып салган. 2010-ж. жаңы Конституция кабыл алынып, ага ылайык өлкөдө президенттик шайлоо жокко чыгарылып, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиянын лидери президент болот. MПЛA партиясы 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, Ж. Э. душ Сантуш президенттик кызматты ээлеген.

==. А. – тоо-кен өнөр жайы өнүккөн
==Экономикасы==
А. – тоо-кен өнөр жайы өнүккөн
агрардык өлкө. Ички дүң продукциясьшьш көлөмү 113,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,8 миң доллардан (АКШ; 2009) туура
агрардык өлкө. Ички дүң продукциясьшьш көлөмү 113,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,8 миң доллардан (АКШ; 2009) туура
келет. Социалдык-экон. кайра түзүү жүргүзүлүүдө. Өнөр жайдын көп тармагы (а. ч. ассоциациясы ж-а кооперативдер, ири плантацияларда мамл. чарбалар) мамлекеттештирилүүдө. А-дагы тынымсыз согуш экономикага терс таасирин тийгизип келүүдө. Акыркы 15 жылда материалдык чыгым 20 млрд долларга жеткен. Экономиканын негизин тоо кен өнөр жайы түзөт.
келет. Социалдык-экон. кайра түзүү жүргүзүлүүдө. Өнөр жайдын көп тармагы (а. ч. ассоциациясы ж-а кооперативдер, ири плантацияларда мамл. чарбалар) мамлекеттештирилүүдө. А-дагы тынымсыз согуш экономикага терс таасирин тийгизип келүүдө. Акыркы 15 жылда материалдык чыгым 20 млрд долларга жеткен. Экономиканын негизин тоо кен өнөр жайы түзөт.
127 -сап: 131 -сап:
нефть продуктылары, жаратылыш газы, кофе,
нефть продуктылары, жаратылыш газы, кофе,
сизаль, пахта, балык унун, консервасын, жыгач чыгарат. Сырттан машина, электр жабдууларын, дары, текстиль, курал-жарак алат. Негизги соода өнөктөштөрү: Португалия, ТАР,
сизаль, пахта, балык унун, консервасын, жыгач чыгарат. Сырттан машина, электр жабдууларын, дары, текстиль, курал-жарак алат. Негизги соода өнөктөштөрү: Португалия, ТАР,
<notkey>АКШ</notkey>, Нидерланд, Франция, Бразилия, Улуу
АКШ, Нидерланд, Франция, Бразилия, Улуу
Британия.

Британия.

== Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (бала бакча; даярдоо
==Маданияты.==
Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (бала бакча; даярдоо
класстарын), жалпы ж-а толук орто билим
класстарын), жалпы ж-а толук орто билим
берүүнү, ЖОЖ камтыйт. Башталгыч билим алуу
берүүнү, ЖОЖ камтыйт. Башталгыч билим алуу

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Ангола Республикасы -

Африканын түш.-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а түн.-чыгышынан Конго, Конго Демокр. Республикасы, түш.-чыгышынан Замбия, түштүгүнөн Намибия м-н чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгап жатат. Порту -

АНГОЛА 75.png
АНГОЛА 76.png

галиянын мурунку колониясы (1973-жылдын
1-январынан автономия «штаты», ага чейин – «алыскы деңиз провинциясы»). Анча чоң эмес Кабинда анклавы Анголадан 30 км түндүктө, Конго ж-а Конго Демокр. Республикасынын ортосундагы аймакта жайгашкан. Аянты 1246,7 миң км2. Калкы 12,8 млн (2009). Борбору – Луанда ш. Мамл. тили – португал тили. Акча бирдиги – кванза. Адм.-айм. жактан 18 провинцияга бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү.

А. – унитардык мамлекет. А-нын Конституциясы 1975-ж. 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш республика. Мамл. ж-а өкмөт башчысы – президент (ал 5 жылга шайланат). Президент бардык мамл. ин-ттардын башында турат. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук чогулуш (220 депутаттан турат). Аткаруу бийлигин президент, премьер-министр ж-а министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ал Улуттук чогулуштун алдында жоопкер. A-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Анголаны боштондукка чыгаруу элдик кыймылы (МПЛА), Анголаны толук боштондукка чыгаруу Улуттук союзу (УНИТА) ж. б.

Табияты

Өлкөнүн көп бөлүгүн бийикт. 1000 м- ден ашкан бөксө тоолор ээлейт. Алардын батышы көтөрүңкү келип, деңиз жээгине тик түшөт. Бөксө тоолордун батыш жаты бийигирээк (деңиз деңг. бийикт 1000 – 1500 м), эң бийик жери Бий массивиндеги Моко чокусу (бийикт. 2620 м), ал акырындап түндүктү (Конго ойдуңуна), чыгышты (Замбези д-нын өрөөнүн көздөй), түш.чыгышты (Калахариге) карай жапыздайт. А. Африка платформасынын аймагын ээлейт.
А-нын ички бөлүгүндө жайы жаан-чачындуу, кышы кургак экватордук муссондук; деңиз жээктерине – кургак тропиктик пассаттык климат мүнөздүү. Эң жылуу мезгилинин орт. темп-расы (деңиз жээктеринде март, апрель, өлкөнүн ички аймактарында сентябрь же октябрь) 17°дан 28°Сге чейин, салкын мезгилиники (июль, август) 13°–23°С. Жылдык жаан-чачыны 1000– 1500 мм, эң четки түштүгүндө 600–800 мм. Деңиз жээктериндеги ойдуңдарга Бенгал муздак агымынын таасири тийип, июлдуку 16–20°С (эң салкын мезгил), мартта 24–26°С (эң жылуу мезгил), жаан-чачын түштүгүндө 50–100 мм, түндүгүндө 250–500 мм. Кышында түнкү туман касимбо мүнөздүү.
Өлкөнүн түн.-чыгышындагы суулары Конго д-нын алабына кирет. Башкы дарыялары: Касан, Кванго, батышындагылары Атлантика океанына (Кванза, Кунене) куят. Чыгыштан түн.-чыгышты карай Замбези (Квандо куймасы м-н), Кубанго д. (Квито м-н) агат. Дарыялары босоголуу келип, кургакчылыкта соолуп, жаанчыл мезгилде ташкындайт. Гидроэнергетикалык запастарга бай, кеме жүрүүгө ыңгайсыз. Ири көлдөрү жокко эсе. А-нын аймагынын 40% ин токой ж-а сейрек токой ээлеп, түн.-чыгышында баалуу дарактары негизинен дарыя өрөөндөрүндө (эбен, тоддалия, ланцет) өсөт.
Бөксө тоолордун ички бөлүктөрүндө ферралиттүү (күрөң-кызыл) топуракта жалбырагы күбүлмө сейрек токой, түндүгүндө ж-а борб. бөлүгүнүн деңиз жээктериндеги ойдуңцарында (кызыл-бозомук) баобаб, папирус, пальма, бадалдуу саванна өсөт. Батыш ж-а Түш.-Батыш Африкадагы суусуз таштуу чөлгө өзгөчөлөнгөн кидик дарагы – вельвичий мүнөздүү. Улуттук парктары: Порту-Алешандри, Камея, Кисама, Муна ж. б.
Калкынын 96% ке жакыны банту тилинде сүйлөшөт. Түн.-батышында банту-бамбанду, борб. бөлүгүндө овимбунду, амбунду, түн.-чыгышында вачокве, түш.-батышында ж-а түштүгүндө овамбо, гереро ж. б. мекендейт. Евроафрикалыктар, португал тилинде сүйлөгөн мулаттар да бар. Африкалыктардын көпчүлүгү салт болуп калган жерг. диндерди, калгандары христиан, ислам ж. б. диндерин тутат. Калкынын орт. жыштыгы 1 км210,5 киши. Жээк түздүктөрүндө ж-а дарыя өрөөндөрүндө калк жыш отурукташкан. Калкынын жашынын орт. узактыгы аялдарыныкы – 53, эркектериники – 51 жаш. Шаар калкы 28%. Ири шаарлары: Луанда, Уамбо (мурдагы Жаңы Лиссабон), Лобиту, Лубанго (Сада-Бандейра), Бенгела, Квито.

Тарыхы.

А-нын аймагында калк байыртадан эле отурукташканы белгилүү. 13-к-да Түн. А-да Конго мамлекети түзүлгөн. А-га европалыктар адеп келген мезгилде (1482-ж. Диогу Кананын португалиялык экспедициясы) Ндонго, Лунда, Бенгела сыяктуу мамлекеттер болгон, 16-17-к-да Матамба, Кассанже мамлекеттери пайда болгон. 15-к-дын аягынан аймакты колониялаштырып баштаган португалдар 16-к-дын башында А-нын жээгине бекемделген бир нече фортторду курушкан [а. и. Сан-Паулу-ди-Луанда (1576); колонизаторлордун борбору]. Алар 16-к-дын аягында А-нын батышында колонизаторлорго каршы башталган африкалыктардын көтөрүлүшүнүн мизин майтарып, өлкөнүн ички аймактарына кире башташкан. 16–19-к-дын орто ченине чейин португалдар Американын плантаторлоруна кулдарды сатуу м-н алектенишип, болжол м-н 5 млнго жакын анголалыктарды (негизинен Бразилияга) алып чыгышкан. Жерг. элдин нааразычылыгы күчөп, көтөрүлүштөр чыккан. Натыйжада, бул кыймылдар колонизаторлордун ичкери кирүүсүнө тоскоолдук кылган.
1885–91-ж. Португалия, Бельгия, Германия ж-а
Анг-лиянын ортосунда түзүлгөн келишим б-ча А-нын азыркы чек арасы аныкталгандыгына карабастан, Португалия А-нын аймагын толугу м-н 1920-жылдын башында гана каратып алган. 1956-жылдары А-ны эркиндикке чыгаруу үчүн Анголаны боштондукка чыгаруу элдик
кыймылы (МПЛА), 1966-ж. Анголаны толук
бош-тондукка чыгаруу улуттук союзу

АНГОЛА
Луанда ш-нын дениз жак жээги.

(УНИТА, башында Ж. Савимба турган), 1962-ж. Анголаны бошотуу улуттук фронту (ФНЛА) сыяктуу улуттук-патриоттук уюмдар түзүлөт. 1961-ж. Луандада башталган улуттук-боштондук күрөш жеңишке жетишип, 1975-ж. 11-ноябрда Ангола Эл Республикасы жарыяланат. Бирок саясий топтордун ортосунда өз ара карама-каршылык күчөп, өлкөдө жарандык согуш башталган.
1990-ж. СССР, АКШ, Португалиянын катышуусу
м-н өз ара сүйлөшүүлөр болуп, натыйжада 1991-
ж. 31-майда Лиссабондо А. өкмөтүнүн өкүлдөрү м-н ага каршы күрөшкөн топтордун ортосунда мамилелерди тынчтыкта жөнгө салуу ж-дөгү келишимге кол коюлат ж-а көп партиялуулук системасы киргизилет. 1992-жылдын аягында БУУнун байкоочулугу астында демокр. шайлоолор өткөрүлгөн. 1992-жылдан мамлекет Ангола Республикасы аталып, Ж. Э. Душ Сантуш президент болуп шайланат. Эл аралык байкоочулардын шайлоолордун мыйзамдуу жолдо өткөрүлгөндүгүн билдиргендигине карабастан, аларга Ж. Савимби макул болбостон, согуштук аракеттерин кайрадан уланткан. АКШ, Португалия ж. б. өлкөлөрдүн кысымы астында гана Ж. Савимби жарандык согушту токтотуу

Акча бирдиги – кванза.

ж-а коалициялык өкмөттү түзүү ж-дөгү Лусак макулдашуусуна (20. 11. 1994) кол коюуга аргасыз болгон. Бирок иш жүзүндө анын шарттарын аткарган эмес. 22. 2. 2002-ж. Ж. Савимби согуш учурунда курман болгон. Анын ордун П. Лукамба Гату ээлеген. 2002-ж. 4-апрелде А-нын жетекчилиги м-н УНИТА ортосунда со-гуштук аракеттерди токтотуу ж-а жарашуу ж-дө макулдашууга кол коюлган. 2002-ж. ноябрда А-да тынчтык орнотулгандыгы жарыяланган, декабрда БУУ УНИТАга каршы эл аралык санкцияларды алып салган. 2010-ж. жаңы Конституция кабыл алынып, ага ылайык өлкөдө президенттик шайлоо жокко чыгарылып, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиянын лидери президент болот. MПЛA партиясы 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, Ж. Э. душ Сантуш президенттик кызматты ээлеген.

Экономикасы

А. – тоо-кен өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясьшьш көлөмү 113,9 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 8,8 миң доллардан (АКШ; 2009) туура келет. Социалдык-экон. кайра түзүү жүргүзүлүүдө. Өнөр жайдын көп тармагы (а. ч. ассоциациясы ж-а кооперативдер, ири плантацияларда мамл. чарбалар) мамлекеттештирилүүдө. А-дагы тынымсыз согуш экономикага терс таасирин тийгизип келүүдө. Акыркы 15 жылда материалдык чыгым 20 млрд долларга жеткен. Экономиканын негизин тоо кен өнөр жайы түзөт. Нефть (жылына 37 млн г, 2004) салаты б-ча дүйнөдө алдынкы, Африкада 5-орунда турат. Акыркы 10 жылда 20 нефти кени ишке киргизилген. 2005-ж. көлөмү 2 эсе көбөйтүлгөн. Нефтинин 90% Кабинда провинциясында, анын 65% деңизден казылып алынып, өлкөнүн экспортунан түшкөн кирешенин 80–90% ин берет. Алмаз казып алуу б-ча дүйнөдө 6- (Австралия, Конго Демокр. Республикасы, Ботсвана, Россия ж-а ТАРдан кийин), казылган алмаздын суммардык баасы б-ча 3-орунда ( жогорку сапаттагы зергерчиликке керектүү; Ботсвана, Россиядан кийин) турат. 2000-ж. 5,17 млн карат (а. и. зергерчиликке керектүүсү – 4,4 млн карат) алмаз өндүрүлгөн. О. эле темир, түстүү металл (жез), радиоактивдүү (уран) ж-а асыл металлдар, курулуш материалдары (гранит, мрамор, кварц) казылып алынат. Африкадагы өлкөлөрдүн ичинен энергоресурстарга бай өлкө. 2007-ж. 3,7 млрд кВт-с электр энергиясы (ГЭСтен) өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (жылына 1,6 млн т), текстиль, хим. (самын ж-а кир жуучу каражаттар, хим. жер семирткичтер, дары-дармек, автошина, пенопласт), цемент, кара металлургия, машина куруу («Вольво», «Фиат», «Фольксваген», Япон мотоциклдери ж-а велосипеддери), тамак-аш (ун, пальма майы, кант, балык консервалары ж-а уну) өнөр жайы бар. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 21,8% ин ээлейт,
а. и. 2,4% айдоо аянты, 0,4% көп жылдык өсүмдүк, 97,2% шалбаа ж-а жайыт. Экспорт үчүн сизаль, кофе, май пальмасы, күн карама, банан, пахта, тамеки, цитрус өсүмдүктөрү, ички керектөөлөрү үчүн жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), маниок, фасоль, жашылча айдалат. Сүт-эт багытындагы мал чарбачылыгы, аарычылык өнүккөн. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй кушу багылат. Балыкчылык өнүккөн. Балык – анголалыктардын негизги азык-түлүгү. А-нын аймагынан Кытай, Португалия, Япония, Түш. Корея, Россияга балык уулоого уруксат берилген. Темир жолунун уз. 2,8 миң км, автомобилдики 51,4 миң км. Луанда ш-нда Эл аралык аэропорт иштейт. Ири деңиз порттору: Лобиту, Кабинда, Луанда, Намибе, Порту-Амбоин. Соода флотунун тоннажы 26,1 миң рег.бр.-т(же
42,9 миң т дедвейт). Куур транспортунун уз. 179 км (1997). Сыртка нефть (чийки), алмаз, нефть продуктылары, жаратылыш газы, кофе, сизаль, пахта, балык унун, консервасын, жыгач чыгарат. Сырттан машина, электр жабдууларын, дары, текстиль, курал-жарак алат. Негизги соода өнөктөштөрү: Португалия, ТАР, АКШ, Нидерланд, Франция, Бразилия, Улуу Британия.

Маданияты.

Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (бала бакча; даярдоо класстарын), жалпы ж-а толук орто билим берүүнү, ЖОЖ камтыйт. Башталгыч билим алуу (1-4 класска чейин) милдеттүү түрдө ж-а акысыз, базалык билим берүү 8 жылдык орто мектепте окутулат. О. эле атайын жумушчуларды даярдоо мектептери да бар (1 жыл дан 4 жылга чейин). Бүтүрүүчүлөр кесиптик-тех. окуу жайларына (орто окуу жайларына ж-а 3-4 жылдык мектептерге) жолдомо алышат. 1980-ж. экон. ж-а саясий кыйынчылыктарга байланыштуу кыскарган. Учурда абитуриенттер ЖОЖ атайын даярдоо курстарынан өтүшөт. Жогорку окуу жайы Луандадагы А. Нетто атн. мамл. ун-ти (1963-ж. негизделген) ж-а 3 жеке менчик ун-т. Луандада 8 ил.-из. ин-т, гидрометеорология ж-а геофизика (1879), геол. кызмат (1914), документтерди ж-а тарых изилдөө борбору (1933), мед. (1955), ветеринардык изилдөө (1965), пахта борбору (1970), Африка ж-а чет тилдер (1978), пед. ж-а социалдык изилдөө ин-ттары (1980) бар. Луандада, о. эле муниципалдык (1873-ж. негизделген), улуттук ири китепканалар (1968) ж-а улуттук музей (1938) жайгашкан.
А-нын ад-ты 19-к-дын ортосунан баштап португал тилинде өнүгүп келген. Алгачкы ад-тынын өнүгүшүнө улуттук идеяларды даңазалоо, лирикалык поэзиялар (Ж. да Силва Майя Феррейра, Ж. Д. Кордейру да Матта) ж-а күндөлүк турмуш тууралуу романдар (П. Ф. Машаду, А. Трони, А. ди Асис Жуниор) таандык. Адабияттын 2-этаптагы (1940-70-ж.) өнүгүшүндө антиколониалдык мотив күч алган (А. Нето, А. Жасинту, М. Антониу, А. Лара, прозаиктер Ф. М. ди Каштру Сороменью). 3-этап (1970- 90-ж.) өлкөнүн жалпы коомдук саясий ж-а маданий турмушунун жаңылануусуна байланыштуу (Ж. Луандина Виейра, О. Рибаш). Тарыхый романдар (М. Пакавира, Э. Абраншиш), драматургия (Пепеталанин пьесалары) өнүгө баштаган. Төртүнчү, «постсоциалисттик» этапта А-нын ад-тына А-дагы ж-а Африкадагы жаңы көз караштагы окуялар, рев-ялык жандануудан баш тартуу ж. б. саясий окуялар мүнөздүү (Пепетела, Ж. Э. Агуалуза).
Өлкөнүн түндүгүндө аска бетиндеги жаныбарлардын сүрөттөрү сакталган. Илгертеден жыгачка оймо-чийме түшүрүп көркөмдөө (а. и. жол башчылардын тактысын ж-а адамдардын, жаныбарлардын статуэткаларын кооздоо) салттары өнүккөн. Чөп, бутак, самандан керектүү буюмдарды согуп жасоо м-н байыртадан кесиптенишет. 17-к-данА-га келген португалдар көркөмдөп кесүү ж-а өрмөк согууну өркүндөтүшкөн. Европалыктардын келиши м-н жээктерди коргоочу (Сан-Мигел, 1576 ж-а Бенгела, 1617) чептер, европалык типтеги ж-а португалиялык барокко м-н алгачкы классикалык стилдеги турак жайлар салына баштап, шаарлар пайда болгон. Үйлөр казык каркастардын үстүнө түз бурч же тегерек формада салынып, бутак же саман м-н жабылган. 20-к-дын башынан азыркы европалык арх-ралык курулупггар курулган. 1970-жылдын ортосунан профессионалдык көркөм сүрөт иск-восу өнүгө баштаган.
Архаикалык маданий эстеликтери (б. з. ч.
к.) Бие тоосунан табылган темир идиофондор. О. кылымдагы Лунда, Ндонго мамлекетинин мад-тында салтанаттуу жолугушуулар оркестрдин коштоосунда болуп, пилдин сөөгүнөн жасалган үйлөмө аспаптар (мис., 1491-ж. Конго королу м-н жолугушууда) колдонулган. 1490-ж. португалдардын келиши м-н европалык үйлөмө аспаптар таралган. Христиан дининин таралышы чиркөөлөрдө хор ырдоо, коңгуроолорду колдонууну өнүктүргөн. 1578-ж. бакунго ж-а амбунду элинин аскер музыкасы жаралса, 1648-ж. өлкөнүн түн.-батышында ксилофондо ойноо салтка айланган. 17-к-да идиофондордун түрү, маримба, бир беттүү барабан, нгаба, лонга коңгуроосу; рог эпугу, нсамби (плуриарк) муз. жаа аспаптары таралган. Шаар музыка мад-ты португалдар м-н бразилиялыктардын таасиринде калыптанган. 20-к-да музыка Луанданын амбунду-португалдык бий мад-тында (кадука, семба, ребита бийлери) негизги ролду ойногон. 1957-ж. «Нгола ритмуш» ансамбли (латын-амер. бийлер, гитара ж-а идиофондордун коштоосунда румба, меренге ж-а самба бийи аткарылган), 1982-ж. ансамблдин жетекчиси Лисеу Виейра Диаш расмий түрдө жаңы (азыркы) музыканын лидери болуп калган. 1960-ж. ортосунда саясий ырларды ырчылар А. Мингаш, Р. Мингаш, К. Ламартин жайылтышкан. 1960-80-ж. «Кисанже», «Илля» ансамблдери өзгөчө орунду ээлеп, анда ырчылар М. Тете, П. Каштру ырдашкан. Композитордук традициянын өкүлдөрү: Ф. Мукенга, Ж. М. Машаду, Ф. да Сиш. 1975- жылдан кийин гитарист, ырчы Массано (амбунду) белгилүү болуп, коңшу өлкөлөр м-н болгон маданий байланыштар өнүгөт. А-нын саны б-ча эң көп деп эсептелген овимбунду элинин традициялуу музыкасын биринчи жолу жазып алуу 1913-ж. ишке ашырылса, чокве ж-а лувалс элдериники – 1950-ж. жазылган. 1956-ж. Луандада музыка ж-а бий мектеби негизделген. А-да муз. аспаптардын коллекциясы Дунду музейинде ж-а Лиссабондогу (Португалия) Этнология музейинде сакталып турат (Португалия).
Ад.: Хазанов А. М., Притворов А. В. Ангола. М., 1979; Фитуни Л. Л. Ангола: природа, население, экономика. М., 1985; Ангола. Современное состояние. Перспективы развития. Отношения с Россией // Ученые записки Института Африки РАН. 1999. Вып. 7. Мириманов В. Б. Искусство Тропической Африки. М., 1986.
Р. Карачалова, А Орозов, Ж. Абдилова.