Difference between revisions of "АНАНАС"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(Ananas)– бромель тукумундагы көп
жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы
жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, уз.
80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү. Гүл жалбы-
ракчасы бири бирине жабышып
өсүп, сүйрү, чоң,
сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салм. 2-
15 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин,
Тайвань, Цейлон а-дары, Инди-Кытай ж. б-да өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, к-талар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, о. эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям ж-а конфет жасалат. А-тын жалбырагынан баалуу тех. була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу м-н көбөйтүүгө болот.