Difference between revisions of "АНАЛИЗАТОРЛОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

биологияда – адамга,

жаныбарларга таасир этүүчү бардык дүүлүктүргүчтөрдү талдоочу ж-а өздөштүрүүчү анат.физиол. татаал системалар. А. ж-дө түшүнүктү орус физиологу И. П. Павлов илимге 1909-ж. киргизген. Ар бир А. четки кабыл алуучу рецептордон, кабар берүүчү өткөргүч бөлүктөн ж-а жогорку борбордон (мээ кыртышындагы нейрон тобунан) турат. Кабыл алуучу рецепторлорго бүткүл сезүү органдары (көрүү, угуу, даамдоо, бөлүү, жыт алуу, туюу), булчуң, кан тамыр, муун, ткандардагы атайын рецепторлор кирет. Өткөргүч бөлүгү четки нерв клеткаларынан турат. Организмге таасир этүүчү дүүлүктүргүчтөрдү талдоо А-дун четки бөлүгүнөн башталат. Сырткы чөйрөнүн алмашып туруучу дүүлүктүргүчтөрүнүн, дифференцияланган татаал талдоолору А-дун жогорку борбору – мээнин чоң жарым шарларынын кыртышында гана иш жүзүнө ашырылат.