Difference between revisions of "АМУР-САХАЛИН ӨЛКӨСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– Ыраакы Чыгыштагы физ.-геогр. өлкө; Амур бою тоолору (ойдуңдары м-н), Приморьени Сихотэ-Алинь ж-а

анын батышында жайгашкан түздүктөрү м-н кошо, Сахалин ж-а Шантар а-рын камтыйт. Анын батыш чек арасы Зея ж-а Олёкма д. алаптарынын суу бөлгүчтөрү, түндүгү Становой кырка тоосунун этеги, түштүгү Россиянын чек арасы, чыгышы Япон деңизи, Лаперуза кысыгы ж-а Охот деңизи аркылуу өтөт. Амур-Сахалин өлкөсүнүн өзгөчөлүгүн эрозия-денудациялык орто бийик, жапыз тоолор ж-а аларды бөлүп жаткан тоо аралык депрессиялар түзөт. Тоолор өлкөнүн аянтынын 80% ин ээлеп, негизинен субмеридиан ж-а кеңдик багыттарда созулуп жатат. Түндүк орографиялык чегин Янкин, Тукурингра, Соктохан, Жагда, Селемжа ж. б. кырка тоолор түзөт. Турана, Бурея, Сихотэ-Алинь, Батыш Сахалин ж-а Чыгыш Сахалин кырка тоолору түн.-чыгыш ж-а меридиан багыттарында созулуп жатат. Too системаларынын аралыктарында көтөрүңкү түздүктөр (Амур-Зея, Зея-Бурея), Амур ж-а Уссури д-нын өрөөндөрүндө аллювий ж-а көл-аллювий түздүктөрү жайгашкан. Климаты муссондук-нымдуу, мелүүн-жылуу. Карагайлуу ж-а күңүрт ийне жалбырактуу токойлуу тайга ландшафты үстөмдүк кылат. «Марь» деп аталган куурап бараткан кара карагайлуу саздар кыйла аянтты ээлейт. Too кыркаларында жапалак кедр ж-а «гольцтор» мүнөздүү. СихотэАлинь тоолорунун төмөнкү ярустарын, Амур боюнун түштүгүн, Сахалиндин түш.-батышын Ы. Чыгышка мүнөздүү өзгөчө ийне-жазы жалбырактуу ж-а жазы жалбырактуу токой ээлейт (алар түздүктөрдө негизинен кыйылып жок болгон).