Difference between revisions of "АМУНДСЕН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Руаль (16.7.1872, Борге ш., Томта

хутору, Осло ш-на жакын -18.6.1928) – норвегиялык уюл саякатчы ж-а изилдөөчү. Борге ш-нда Вервен кеме верфинин ээси, кеме капитанынын үй-бүлөсүндө туулган. Кристиания (азыркы Осло) ш-ндагы ун-ттин медицина ф-тин бүтүргөн. 1897–99-ж. А. Жерлаш жетектеген Антарктиканы изилдеген бельгиялык экспедицияга алгач штурман, 1901-жылдан капитан болуп катышкан. Чакан «Йоа» моторлуу кемесинде үч

АМУНДСЕН 55.png

жолу кыштап, Түн.-Батыш өткөөл аркылуу өтүп, Гренландиядан Аляскага чейин Түн. Американы биринчилерден болуп айланып өткөн. Антарктидада Росс шельф муздугу (800 кмден ашык) аркылуу өтүп, Королева Мод жерин ачкан.
«Фрам» кемесинде Антарктикалык экспедицияны башкарып, Р. Скотт жетекчилик кылган англ. экспедициядан бир ай мурда, 1911-ж. 14-декабрда Түш. уюлга жетет. 1918–20-ж. «Мод» кемеси м-н Евразия материгин жээктеп, 2 жолу кыштап, Норвегиядан Беринг кысыгына чейин барат. Челюскин тумшугунун так координатын аныктаган. 1926-ж. Шпицберген – Түн. уюл Аляска маршруту б-ча «Норвегия» дирижаблинде учкан 1-трансарктикалык экспедицияга жетекчилик кылып, Түн. уюл м-н Барроу тумшугунун ортосунда кургактыктын жок экенин аныктаган. Түн. Муз океанында кыйроого учураган итал. саякатчы У. Нобиленин экспедициясына жардам берүү үчүн А. 1928-ж. 18-июнда «Латам» гидросамолётунда учуп чыгып, бүткүл экипажы м-н Баренц деңизинде өлөт. А-дин ысмы м-н Антарктида да ты деңиз, тоо, АмундсенСкотт атн. америкалык ил. станция ж-а Түн. Муз океандагы булуң, чуңкурдук аталган.
Ад.: Дьяконов М., Амундсен, М., 1937; Яковлев А. Р. Амундсен. М., 1957; Пасецкий В., Блинов С. Р. Амундсен. М., 1997. Т. Ниязов.