Difference between revisions of "АМЁБАЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(Amoebina) – жөнөкөйлөр тибинин

тамыр буттуулар классына кирүүчү организмдер. Микроскоп аркылуу караганда өлчөмү 20дан 700 мкмте жетет. Дене формасы туруктуу эмес. Тузсуз, кээде деңиз сууларында, ылайлуу көлмөдө, кээ бири жер кыртышында жашайт. Бактериялар, бир клеткалуу балырлар ж-а майда жөнөкөй жаныбарлар м-н азыктанат. Жыныссыз, бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал кыймылдоо ж-а азыктануу учурунда цитоплазмалык денесинен убактылуу өсүндү-псевдоподияларды пайда кылат. Алар ошол жалган буттары (псевдоподиялар) м-н жылат ж-а жемин кармайт.
Жалган буттары м-н кармаган жеминин айланасына цитоплазмадан азык сиңирүү зили бүлүнүп, сиңирүү вакуоласы пайда болот. Азык ошол вакуоланын ичинде эрип, цитоплазмага сиңет. Сиңген азык калдыгы ж-а суу жыйрылуу вакуоласы аркылуу сыртка чыгарылат. Жашоого оңтойсуз шартта (азыктын жетишсиздиги, суук, көлмөлөрдүн соолушу) А-дын денеси тоголоктолуп, сырты тыгыз кабык (циста) м-н

Протей амёбасы: 1- эктоплазма; 2-эндоплазма; 3-синбей калган азык калдыгы (сыртка чыгарылат);
4-жыйрылткыч вакуоль; 5-ядро; 6-азык сиңиргич вакуоль.

капталат. Оңтойлуу шартта циста жоюлуп, А. мурдагы калыбына келет. А-дын жүзгө жакын түрү омурткалуу жаныбарларда мителик кылат.