Difference between revisions of "АЛЮМИНИЙ КЕНТАШТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– алюминий металлын алууда пайдаланылуучу тоо тектер.

Табияттаалюминий 200ге жакын минералдын ж-а тоо тектин курамында кездешет. Бирок алардын кээ бирөөлөрүнөн гана алюминий алынат. Алюминийдин негизги кенташы - боксит. Анын курамындагы алюминий кычкылы (А1203) 85% ке жетет. Кенташтан адегенде алюминий оксиди, андан кийин таза алюминий электролиттик жол м-н бөлүнөт. Нефелиндүу сиенит ж-а нефелин-апатиттүү тоотектерден, алунит, андалузит минералдарынан да алюминий алынат. Лейцит, лабродолит, анортозит ж-а силлиманиттүү, андалузиттүү, дистендүү сланецтер келечекте алюминий сырьёсу катары колдонулушу мүмкүн. Алюминий кенташтарынын (рудаларынын) ири кендери Россияда (Урал, Алтай ж-а Краснояр крайлары), Казакстанда, Америкада (Ямайка, Гайана, Суринам, Бразилия), Африкада (Гана, Гвинея), Францияда, Индияда, Норвегияда, Испания ж. б. жерлерде жайгашкан. Кырг-нда Сандык ж-а Зарделек нефелиндүү сиенит кендери бар.
Ад.: Кирпаль Г. Р., Теняков В. А. Месторождения алюминия // Рудные месторождения СССР. 2-изд. М., 1978., т. 1; Одокий Б. Н., Кондырева Г. X. Небокситовые виды алюминиевого сырья в СССР и за рубежом. М., 1978; Минеральное сырьё. Алюминий: Справочник. М., 1997.