Difference between revisions of "АЛЬП БҮКТӨЛҮҮСҮ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– кайнозой заманындагы
ири бүктөлүүлөр. Мезозой м-н алгачкы палеоген мезгилиндеги геосинклиналдардын чегинде
болуп, жаш тоолордун жаралышы м-н аяктаган. Мис., Альп тоолору (термин анын атынан
аталган), Пиреней, Андалузия, Апеннин, Карпат, Динар, Крым, Кавказ кырка тоолору, Африканын түндүгүндөгү Атлас, Азиядагы Понт,
Тавр, Түркмөн-Хорасан, Загрос, Сулайман, Гималай тоолору, Бирма, Индонезия тоо тизмектери, Камчатка ж. а-ы, Япон, Филиппин а-дары,
Аляска м-н Калифорниянын Тынч океан тарабындагы кырка тоолору, Түш. Америкадагы Анд
тоолору, Австралиянын чыгыш жагын курчап
жаткан архипелагдар (Жаңы Гвинея, Жаңы
Зеландия а-дары м-н бирге) ж. б. кирет. Аталган жерлердин айрым бөлүктөрүндө мезозой заманында да бүктөлүү кыймылдары болуп өткөн
(к. Мезозой буктөлүусу). Европа м-н Азияда
жайгашкан бүктөлүү системалары А. Д. Архангельский м-н Н. С. Шатский тарабынан (1933)
өзүнчө альп бүктөлүү аймагы деп
бөлүнгөн. А. б. жеке эле геосинклиналь аймактарын бийик көтөрбөстөн, платформалуу жерлерди да тоолуу өлкөгө айландырган. Буларга
Европадагы Юра тоолорун, Пиреней ж. а-нын
бир топ бөлүгүн, Түн. Африкадагы Атлас тоолорунун түш. тарабын, Орто ж-а Борб. Азиядагы Теңир-Тоо, Ысар тоолорун, Памир тоосунун
түн. бөлүгүн, Түн. Америкадагы Аскалуу тоонун чыгыш тарабын, Түш. Америкадагы Анд
тоолору м-н Антарктидадагы Антарктида ж. а-н
кошууга болот. Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо
аралык ири ойдуңдардын (Фергана, Цайдам
ж. б.) пайда болушу да А. б-нө байланыштуу.
А. б. болгон жерлерде күчтүү тектон. кыймылдар (жер титирөөлөр, жанар тоолордун атылышы) азыр да жүрүп турат.