Difference between revisions of "АЛЫМБЕКТИН МЕДРЕСЕСИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 19-к-дын 50-жылдары Асан уулу Алымбек датка Ош калаасына Ак-Буура д-нын жээгине медресе салдыр-ган. Медресенин үч дарсканасы, 28 намаз окуучу жайы ж-а жатаканасы болгон. 80–100дөй окуучу-молдолор окутан. Медресенин айланасында окуу жайдын соода дүкөндөрү жайгашкан. Соода-сатыктан түшкөн каражат медресенин муктаждыктарына жумшалган. Медреседе дин сабактары м-н катар тарых, медицина, астрономия, география да окутулган. Өз убагында бул жерден көптөгөн билимдүү адамдар тарбияланып чыккан. Медресенин иши Октябрь революциясынан кийин токтолуп, атеисттик идеологияга байланыштуу 20-к-дын 50-ж-нда бузулуп жок кылынган. Медресе Кырг-ндагы алгачкы билим берүү мекемеси катары маанилүү.