Difference between revisions of "АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Баткен р-нунда. Сох суусунун оң жээгинде, Алтын-Жылга
сайында, Кан кыш-нан 2,5 км аралыкта, деңиз
деңг. 2000–2300 м бийиктикте. 1913-ж табылган. 1987–92-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен
аймагы пермдин Алтын-Жылга массивинин гранодиорит, диорит ж-а монцонит-диориттери
м-н жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Кенташтануу (рудалануу) Алтын-Жылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ
ж-а доломит тектери м-н болгон контактысындагы скарн тилкелери ж-а экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар м-н байланышкан. Кенташтануу алтын-скарндуу тарам
тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги кенташ минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б.
Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 7,6 г/г. Кенташтын запасы 1138 миң т. Алтындын запасы
8,636 т.