Difference between revisions of "АНТИСФЁН"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
А ф и н а л ы к (б. з. ч. 435 ж-а
370) – байыркы грек ойчулу, Сократтын окуучусу, Платондун душманы. А-дин идеяларын
киниктер өркүндөткөн. Ал «буюмдардын аталышын билимдин башталышы» деп эсептеген.
А. карама-каршылыктын түрүн танган, анын
окуусу көпчүлүк учурда практикалык багытта
болгон; ал муктаждыктардан баш тартууну, эрктүү мүнөзгө тарбиялоону талап кылган; жөнөкөйлүккө, табигый калыпка кайтууга үндөгөн;
традициялык динди ж-а традициялык мамлекетти четке каккан; даанышман кандайдыр бир
белгилүү мамлекеттин жараны эмес, ал бүткүл
дүйнөнүн жараны. А-дин ою б-ча, жалгыз ыракаттын нак өзүн эмгек берет, ал эми жашоонун
максаты даанышмандык деген. Ал элдердин
теңдигине каршы чыккан ж-а коомдук жашоодо акылман жалпы кабыл алынган мыйзамдар
м-н эмес, даанышмандардын мыйзамы м-н башкарылат деген. Ш. К. Алиева.