Difference between revisions of "АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин
өзгөчө антитело м-н байланышы. Бул реакция
антитело ж-а антигендин структураларынын дал
келиши м-н мүнөздөлөт. Антиген м-н антитело
өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик,
электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы
пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы ж. б. Ал -
гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди
нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын
жок кылуу бул реакция м-н башталат. О. эле
иммундук комплекстин пайда болушу – анафилаксия, аутоиммундук оорулар ж. б-лардын
патогендик механизми.