Difference between revisions of "АНКАРА САЛГЫЛАШЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(1402) – эмир Тимур

м-н түрк султаны Баязит /нин аскерлеринин ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу. Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери Анкараны курчоого алган ж-а Баязит туткунга түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алар-дын
чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик көтөрүлүштөр күч алган.