Difference between revisions of "АНДРОН МАДАНИЯТЫ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– коло доорундагы археол. мад-т; б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы -
б. з. 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге,
Иртыштын ортонку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш
мад-т эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу
аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Мад-т Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов
кыштагынын аты м-н аталган. 20-к-дын 20-
жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Мад-ттын эстеликтерине айланасы таш м-н курчалган көрүстөндөр ж-а асем
буюмдар кирет. Көрүстөндөрдүн кашпыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийимкечеги, курал жарагы, асем буюмдары м-н бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу
найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карала
идиш-аяктарын оймо-чийме м-н кооздошкон.
Мад-ттын эстеликтери Кырг-ндын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү
Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, о. эле Кетмен-Төбө
өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган
археол. маалыматтарга таянып, алардын тамакашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми
Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби б-ча тамак-аштын 60–70% ин
уй эти, 10% ин кой эти, 20–30% ин жылкы эти
түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карал, сүт
азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын
коло салыктары аныктап турат.
К. Табалдиев.