Difference between revisions of "АНГАРА-ПИТ ТЕМИР КЕНТАШТУУ БАССЕЙНИ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– Россиядагы темир кендери жайгашкан ири
аймак. Краснояр крайындагы Ангара ж-а Чоң
Пит д-нын аралыгында. Аянты 135 миң км. Темирдин эсептелген запасы 855 тдан ашат. Кенташтагы (рудадагы) темирдин орт. өлчөмү 39,4-
40,4%. Мында 1946-49-ж. 3 кен ачылган, бирок алар азырынча казылып алына элек. Алар
бир аз метаморфизмделген чөкмө кендердин тибине кирет. Калыңдыгы 80-100 м, уз. 15 кмге
жеткен кенташтуу горизонт протерозой мезгилинин терриген тоотек катмарларынын арасында жатат. Темирлүү кабаттар тик (45-65°) жайгашып, 600 м тереңдикке чейин жетет. Кенташ
негизинен гидрогематит, гематит, сидерит ж-а
гетит минералдарынан түзүлүп, алардын өлчөмүнө жараша гематиттүү, хлорит-гематиттүү
ж-а сидерит-гематиттүү болуп бир нече типке
бөлүнөт.