Difference between revisions of "«АНАР» балети"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов м-н Н. С. Холфиндики. Музыкасы

комп. В. А. Власов м-н В. Г. Ференики (балетти койгон – Н. С. Холфин ж-а В. В. Козлов, дирижёру – В. И. Чернов, сүрөтчүсү – Я. 3. Штоффер). 1940-ж. 7-ноябрда Фрунзедеги муз. драма театрында коюлган. «А.» балети – кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь рев-ясына чейинки турмупггук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) м-н койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын ж-а алардын бактысына бөгөт болгон карамүртөз, ачкөз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөнггүн айланасында өнүгөт.

«Анар» балетинен көрүнүш. 1957-ж.

Балет 1957-ж. 2-жолу редакцияланып, кыргыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар – Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр – У. Сарбагышев, Батыш – А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери - Н.С. Холфин, дирижёру – К. Молдобасанов, сүрөтчүсү – А. Молдахматов). «А.» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.