Difference between revisions of "АНАМОРФОЗА"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anamorphosis – жаңы түзүлүш, форманын өзгөрүшү) живопистеатайын өзгөртүп, укмуштуудай ракурста көрүүчүлөрдөн сүрөттүн кээ бир жерлерин алып салып жашыруу. Ренессанс ж-а барокко сүрөтчүлөрү кеңири колдонушкан. Адегенде конус ж-а
цилиндр түрүндөгү күзгүлөрдө өзгөргөн сүрөттөр кытай иск-восунда колдонулуп, кийин европ. сүрөтчүлөргө тараган (Ф. Пармиджанино. «Томпок күзгүдөгүавтопортрет», 1523-24, Көркөм сүрөт ж-а тарых музейи, Вена). А-нын темасы көбүнчө жашырылган образ: мис., Кенже X. Холбейндин «Француз элчилеринин портретинде» (1533, Улуттук гал., Лондон) бутунун жанында сүйрү буюм бир бурчка багытталган. Көрүүчүгө баш сөөк, б. а. «көңдөй сөөк» сыяктуу көрүнүп, автордун атын каймана көрсөтүүчү белги
катары колдонулушу
мүмкүн. Айрым
учурда укмуштуудай көрүнүштөр
байкалат (чиркөө
лөрдүн барокко фрескасында) кээде эки образ
бирдей алынып, эки башка мотивде чагылдырылат (мис., тоону ж-а адамдардын баштарын).
А. Дж. Арчимбольдонун сүрөттөрүндө, С. Далинин чыг-лыгында, 20-к-дын иск-восунда кездешет.