Difference between revisions of "АНАЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин ж-а кубулуштардын ортосундагы айрым

окшоштуктар. Ил. ачылыштарда А. маанилүү ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын ж-а процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы м-н эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу ж-дө корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын функциялык окшош катарын аныктаган.

Ш. К. Алиева.