Difference between revisions of "АНАКСИМЕН"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Милетский (б. з. ч. 585–524) –
байыркы грек философу, милет мектебинин
өкүлү, Анаксимандрдын окуучусу ж-а ишин
улантуучусу. Астрономиялык көрүнүштөрдү
изилдеген, аларды табигый түрдө түшүндүрүүгө
аракет жасаган, о. эле дүйнөнүн негизине материянын белгилүү бир түрүн койгон. Ал чексиз,
түгөнбөс, белгилүү бир түрдү ээлеген абаны мисалга келтирип ж-а аны жашоонун башталышы деп жарыялаган: Абадан баары пайда болот ж-а ага баары кайтып келет, абадан кийин
гана калгандар пайда болот. Абанын пайда болушу оттун, андан кийин шамал-булуттар, суу,
жер-таштардын пайда болушуна алып келет.
Дүйнөнүн пайда болушу ж-а өнүгүшүнүн табигый түшүндүрүлүшүн А. Кудайдын келип чыгыш
мамилесине даты таратат. Ал «Баштапкы болуп чексиз абал эсептелет» – дейт. Милет мектебиндеги натурфилософиянын акыркы өкүлү
катары дүйнөнү матер, түшүндүрүүгө аракет
кылган.
Ш. К. Алиева.