Difference between revisions of "АНАКРЕОНТИКАЛЫК ПОЭЗИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– санаасыз,

бейгам турмушту, ичимдик-шараптарды, сүйүүнү даңазалаган антикалык поэзиянын бир түрү. Аталышы б. з. ч. 7-к-да жашаган, тойдо ырдалуучу ырлардын автору Анакреонт деген акындын атынан алынган. Бизге анын кээ бир ырларынын үзүндүлөрү ж-а ошол мезгилдеги А. п-нын үлгүлөрүндө жазылган айрым жыйнактар келип жеткен. Анакреонтикалык ырлар 18- к-дын экинчи жарымында ж-а 19-к-дын биринчи жарымындагы батыш ж-а орус поэзиясында көп кезигет. Аларды М. В. Ломоносов, А. С. Пушкин, Г. Р. Державин, К. Н. Батюшков ж. б. акындар жазышкан. Кыргыз поэзиясындагы анакреонтикалык ырлардын үлгүсүнө А. Осмоновдун «Үйлөнүү ыры» мисал боло алат.