Difference between revisions of "АНАБАПТИСТТЕР"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anabaptizo – кайра сууга салам, б. а. кайра чокундурам) – 16-к-да
Швейцария, Германия, Австрия, Моравия ж-а
Нидерландыда жаралган протестанттык кыймылдын жактоочулары. Алардын өзгөчөлүгү өз
мүчөлөрүн экинчи жолу (аң-сезимдүү куракка
жеткенде) чокундурушкан. А. чиркөөнүн башкаруу иерархиясын айыпташкан, мүлктү жалпыга таандык кылууга үндөшкөн. Крест жортуулуна (1524–26) катышкан. 1934-ж. Мюнстердик коммунаны түзүшкөн, бирок ал 1535-ж.
католиктик аскерлер тарабынан талкаланган. Учурда А-дин ишин 3 протестанттык кыймьш (амиштер, гуттериттер, меннониттер) улантууда. Алардын 57 өлкөдө 730 миндей жактоочулары бар.