Difference between revisions of "АМУР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(тунгус-манжур тилдеринде амар – дарыя чаты; монголчо Хара-Мурэн – «кара

дарыя»; кытайча Хэйлунцзян – «кара ажыдаар дарыясы») – Чыгыш Азиядагы дарыя. Шилка ж-а Аргунь д-нын кошулушунан пайда болот. Охот деңизинин Амур лиманына куят. Уз. 2824 км (Аргундун башатынан 4444 км 0, алабынын аянты 1856 миң км2, анын көбү Россияда. Жогор жагы негизинен кууш, Зея д-нын чатынан тартып кенен өрөөн аркылуу агат. Кичи Хинган тоолору аркылуу акканда өрөөнү кууштап, төмөнкү агымында кайтадан кеңеет; мында А. салааларга бөлүнүп агат. Негизги куймалары: Зея, Бурея, Амгунь (сол), Сунгари, Уссури (оң). Орт. чыгымы 10800 м3/сек, эң көп чыгымы Хабаровск ш. тушта 40 000 м/сек (жайында кирет), эң аз чыгымы 345 м3/сек. Суунун жазгы киришине кар суулары анча таасир кылбайт (кышкысын кар аз болгондуктан). Жазында ташкындайт. А-дан 1 суткада 41 миң т агынды агып өтөт. Жогорку агымы ноябрдын башталышынан майдын башталышына чейин, төмөн жаты ноябрдын аягынан апрелдин аягына чейин тоңот. Балык (кета, горбуша, калуга ж. б.) кармалат, А. – Ы. Чыгыштын маанилүү суу жолу (бардык жеринде кеме жүрөт). Боюнда Благовещенск, Хабаровск, Амурск, Комсомольск-на-Амуре, Николаевск-на-Амуре (Россия), Айхой (Хэйхэ; Кытай) ш. жайгашкан.