Difference between revisions of "АМБУЛАТОРИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(лат. ambulatorius – көчмө,
төшөккө жатып калбаган) – элге ооруканадан
тышкары мед. жардам көрсөтүн, дарылоочу
ж-а ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. А-лык жардам оорулуунун жашаган ж-а
иштеген жерине, кайсы мекемеге бекитилгендигине карата жүргүзүлөт. А-нын поликлиникадан айырмасы, мында хирургия, ички оорулар, тиш оорусу (айрым учурда төрөт ж-а аялдар оорусу, балдар оорусу) сыяктуу негизги адистиктер б-ча гана мед. жардам көрсөтөт. А. оорукана м-н бирге же өзүнчө болот. Мында дарылоо иштеринен тышкары ооруну алдын алуу
чаралары, санитариялык агартуу ж. б. иштер
кеңири жүргүзүлөт. Элге көрсөтүлгөн бардык
мед. жардамдардын көбү айылдык А-лык мекемелер болгондуктан, алардын мааниси чоң,
к. Саламаттык сактоо.