Difference between revisions of "АМАНБАЕВ Акмат"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:10, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Акмат (1920, Нарын обл., ТяньШань р-ну, Кара-Булак айылы – 1964, Фрунзе) – композитор, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг.
сиң. ишмери (1963). 1935-38-ж. Москвадагы
Ипполитов-Иванов атн. муз.
техникумда окуган. 1939-ж.
Кыргыз иск-восунун Москвада өткөн 1-декадасында
оркестрдин дирижёру катары катышкан. 1940-ж.
Москвадагы П. И. Чайковский атн. консерваториянын улуттук студиясынын
композиция бөлүмүнө кирген. 1945-ж. Күрөңкөев атн.
муз. окуу жайынын, 1946-
51-ж. Кыргыз филармониясынын директору болуп иштеген. А. ар түрдүү жанрдагы чыгармалары: К. Жантөшевдин «Ким кантти» (1943,
А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев м-н бирге);
«Айдар жана Айша» опералары (1952, С. Л. Германов м-н бирге); «Жаштар маршы», «Партия
жөнүндө ода», «Эмне үчүн», «Фрунзем» ырлары, «Үч бөлүмдүү квартети», «Скрипка үчүн үч
бөлүмдүү сюитасы», хорлору бар. 1-4-класстар
үчүн жалпыга билим берүүчү мектептердин «Ырдоо» аттуу окуу китебинин (Н. Давлесов м-н
бирге) ж. б. автору. «Ардак Белгиси» ордени
ж-а медаль м-н сыйланган.
Ад.: АлагушовБ. Кыргыз композиторлору. Ф., 1964;
Виноградов В. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. Ф., 1958.