Difference between revisions of "АМАНАЛИЕВ Баатырбек"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Баатырбек (1929, Чүй обл., Чүй
р-ну, Ак-Бешим айылы – 1996, Бишкек) – философ, философия илимд. доктору (1966), проф.
(1968). 1950-ж. Кыргыз мамл. пед. интун бүтүргөн. Мугалимдер ин-тунда, КМУда доцент, Ош мамл. ин-тунда кафедра башчысы,
Кыргыз ССР ИАнын философия ж-а укук интунда директордун орун басары, Бишкек финансы-экон. академиясында проф. болуп иштеген.
Кыргыз философиясынын тарыхы ж-а социол.
философия тармагы б-ча белгилүү адис. 40тан
ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин негизинен кыргыздардын байыркы мезгилден тартып, 20-к-дын
башына чейинки коомдук-филос. ойлорунун өнүгүшүнө арнаган. А. кыргыздын атактуу Асан
Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы, Жээренче Чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч,
Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу
акын ойчулдарынын филос. көз караштарын
талдаган. Алардын социол.-филос. ыймандык
идеяларын терең изилдеп кыргыздын рухий
дүйнөсүндөгү ордун белгилген.
Эмг.; Из истории философской мысли Кыргызского
народа. Ф., 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо. Ф., 1963;
Кыргызские мыслители 19-го начало 20-го вв. Ф.,
1965; Из истории религии и свободомысли в Киргизии.
Ф., 1968. Т. Эсенгелдиев.