Difference between revisions of "АЛЬФА-АЖЫРОО"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– атом ядросунун өзүнөн-өзү
радиоактивдүү ажыроосунда а-бөлүкчөнүн
бөлүнүп чыгуусу. Аны төмөнкү схема м-н туюн-
тса болот: (формула сүрөттө)
мында, X – баштап-
кы радиоактивдүү атом ядросунун символу, У -
ажыроодон пайда болгон ядронун символу, Z -
ядро зарядын белгилеген индекс, ал ядронун
символунун төмөн жагына, ал эми А – атомдук
массанын индекси, ядро символунун өйдө жагына жазылат. А.-а-нун механизмы эки этаптан турат: 1) ядронун ичинде эки протон ж-а
эки нейтрондун топтолушунан өзүнчө а-бөлүкчөнүн пайда болушу; 2) анын ядродон бөлүнүп, учуп чыгышы. Бул теорияны 1928-ж.
Англияда Г. Герни м-н Э. Кондон иштеп чыгышкан. Ядронун өзү а-бөлүкчө ж. б. нуклондор үчүн потенциалдык тоскоол болуп эсептелет. Бирок а-бөлүкчөнүн толкундук касиети күчтүү болгондуктан тоскоолду аралап өтүп, ядродон бөлүнүп чыгат. Элементтердин мезгилдик
системасында коргошундан кийин жайгашкан
200дөн ашык а-радиоактивдүү ядролор белгилүү.