Difference between revisions of "АЛЬТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(нем. Alt, итал. alto, лат. altus – бийик) -

тенор м-н сопранонун ортосундагы партия (үн). Алгачкы көп үндүүлүктө (12-14-к-да) эркектердин бийик үнү (аталышы ошондон), к. Еонтратенор. 2) Аялдардын же балдардын коңур үнү, о. эле алар хордо же вокалдык ансамблде, кээде жеке аткаруучу партия, к. Контральто. 3) Скрипка тобундагы орточо үндүү кылдуу тартма аспап. Сырткы көрүнүшү скрипкага окшош, өлчөмү чоң. Корпусунун уз. 38- 48 см. 16-к-дын башында пайда болгон. Симф. оркестрде ойнолот. 4) Саксгорндар тобундагы жез үйлөмө аспап. Азыркы үйлөмө оркестрде колдонулат. Бюгельгорндор (А., же альт-горн), саксофондор (альт-саксофон), гобойлор (альт гобою же англия рожогу), кларнеттер (бассетгорн), флейталар (альт флейтасы) ж. б. тобундагы альт түрлөрү кезигет.