Difference between revisions of "АЛЬП БҮКТӨЛҮҮСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– кайнозой заманындагы

ири бүктөлүүлөр. Мезозой м-н алгачкы палеоген мезгилиндеги геосинклиналдардын чегинде болуп, жаш тоолордун жаралышы м-н аяктаган. Мис., Альп тоолору (термин анын атынан аталган), Пиреней, Андалузия, Апеннин, Карпат, Динар, Крым, Кавказ кырка тоолору, Африканын түндүгүндөгү Атлас, Азиядагы Понт, Тавр, Түркмөн-Хорасан, Загрос, Сулайман, Гималай тоолору, Бирма, Индонезия тоо тизмектери, Камчатка ж. а-ы, Япон, Филиппин а-дары, Аляска м-н Калифорниянын Тынч океан тарабындагы кырка тоолору, Түш. Америкадагы Анд тоолору, Австралиянын чыгыш жагын курчап жаткан архипелагдар (Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландия а-дары м-н бирге) ж. б. кирет. Аталган жерлердин айрым бөлүктөрүндө мезозой заманында да бүктөлүү кыймылдары болуп өткөн (к. Мезозой буктөлүусу). Европа м-н Азияда жайгашкан бүктөлүү системалары А. Д. Архангельский м-н Н. С. Шатский тарабынан (1933) өзүнчө альп бүктөлүү аймагы деп бөлүнгөн. А. б. жеке эле геосинклиналь аймактарын бийик көтөрбөстөн, платформалуу жерлерди да тоолуу өлкөгө айландырган. Буларга Европадагы Юра тоолорун, Пиреней ж. а-нын бир топ бөлүгүн, Түн. Африкадагы Атлас тоолорунун түш. тарабын, Орто ж-а Борб. Азиядагы Теңир-Тоо, Ысар тоолорун, Памир тоосунун түн. бөлүгүн, Түн. Америкадагы Аскалуу тоонун чыгыш тарабын, Түш. Америкадагы Анд тоолору м-н Антарктидадагы Антарктида ж. а-н кошууга болот. Орто ж-а Борб. Азиядагы тоо аралык ири ойдуңдардын (Фергана, Цайдам ж. б.) пайда болушу да А. б-нө байланыштуу. А. б. болгон жерлерде күчтүү тектон. кыймылдар (жер титирөөлөр, жанар тоолордун атылышы) азыр да жүрүп турат.