Difference between revisions of "АЛТЫНСАРИН Ыбырай"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Ыбырай (2.11.1841, Казак Республикасы, Костанай обл., Костанай р-ну – 30.

7. 1889, ошол эле жерде) – казак элинин педагог агартуучусу, жазуучу, этнограф, коомдук ишмер. Ал орус мектебин (Оренбург) бүтүп, Торгай обл-ндагы мектепке орус тил мугалими (1860), ошол эле жерде элдик казак мектептеринин инспектору (1879) болуп иштеген. Окуу казак тилинде жүргүзүлгөн орус-казак мектепинтернаттарына билим берүү системасын иштеп чыккан. Балдар үчүн интернат, эки класстык 4 окуу жайын, 7 башталгыч мектебин, кол өнөрчүлөр окуу жайын, казак мугалимдер мектебин ачкан. «Кыргыз хрестоматиясы», «Кыргыздарга орус тилин үйрөтүүнүн баштооч колдонмосу» окуу китептерин түзгөн (1879). «Жаз», «Өзөн» аттуу ырлардын, «Таза булак», «Асыл чөп», «Эне менен бала» ж. б. бир нече аңгемелердин автору. Л. Н Толстой, Д. И. Тихомиров, И. А. Крылов, К. Д. Ушинскийдин чыгармаларын которуп, казак ад-тын көркөм котормо жанры м-н да байыткан. Н. Г. Чернышевский,
В. Г. Белинский, Н. А. Добролюбов, Г. Гегель, Ж. Ж. Руссо ж-а чыгыш, араб философторунун эмгектери м-н тааныш болгон. А-дин чыгармалары, каттары, баяндамалары филос. көз карашта жазылган. Казакстанда районго, айылга ж-а ЖОЖдорго анын ысымы коюлган.
Ад.: Тажибаев Т. Развитие просвещения и педагогической мысли в Казакстане во второй половине XIX века, А.-А., 1958; Дербисалин Ы., Ыбырай Алтынсарин. Өмүрү жана ишмердиги жөнүндө, А.,1965. М. Молдалиева.