Difference between revisions of "АЛТЫН КЕНТАШТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

– курамында казып

алына турган алтыны бар тоо тектер. А. к-нын кендери кездешүү өзгөчөлүгүнө жараша алгачкы (коренной) ж-а чачынды (россыпь) болуп бөлүнөт.
Алгачкы кен катуу таш тоо тектерде гана кезигет. Пайда болуу шарттарына жараша магмалык, пегматит, скарн, гидротерм кендери, ал эми кенташтардын формалары б-ча тарамдар (жилы), линза, кабат (залежь) ж. б. болуп бөлүнөт. Тарамдардын калындыгы бир нече смден
1–2 мге жетип, кээде андан да калың болот, тереңдиги м-н уз. ондогон мден бир нече кмге созулат. Алгачкы кендер негизинен кембрийге чейинки мезгилдин ж-а палеозойдун граниттери (кварц тарамдары түрүндө) м-н жанартоо тектеринде, минералдашкан ж-а кварцташкан метаморфизм тоотектеринде кездешет. А. к-нын минералдык курамы ар түрдүү: көбүнчө алар кварцтан ж-а темирдин сульфиддеринен (пирит, марказит) турат, кээде мышьяк (арсенопирит), жез, коргошун, цинк, висмут, сурьма, күмүш ж-а карбонаттар кезигет. Курамы ж-а пайда болуу шарттарына жараша А. к. төмөндөгүдөй негизги формацияларга бөлүнөт: 1) а л т ы н сульфид–кварц формациясы - сульфидцер 0,5–30% ке чейин жеткен кварц тарамдары ж-а тарамчаларынан турат. Мында алтын майда ж-а чоңураак өлчөмдө болуп, бардык жерде бирдей таралбайт, ал 10–50дөн 1000 г/г га жетет; 2)сульфиддер – тарам - чалар ж-а бүртүкчөлөр түрүндөгү минералдардын зонасы, алтын өтө майда, ал 12 г/г дан ашпайт. Кээде жез-колчедан ж-а полиметалл кендеринин кычкылдануу зоналарында алтындын топтолушу жүргөндүктөн, алардын өнөр жайлык мааниси бар.
Чачынды кен алгачкы кендин талкаланып, башка жерге суу м-н агып топтолушунан пайда болот. Мындай кенде А. к. борпоң (кум, шагыл ж. б.) тоо тектердин арасында чачынды түрүндө жолугат. Адатта, алтын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү эң эле кичинекей, сейрек учурда гана чоңураак болот. Алар «уюган нак алтын» (самородок) деп аталат. Чачынды кендер элювий, аллювий, делювий, деңиздик болуп бөлүнөт.
Алгачкы кендеги алтынды бөлүп алуу үчүн
А. к-н талкалап жанчып, анан сымал м-н амальгамалоо же цианирлөө ыкмалары пайдаланылат. Чачынды кендердеги алтын атайы жабдылган ноолордо жуулуп, тундуруу жолдору м-н бөлүнөт. Алтындын ири кендери: Ыраакы Чыгышта (Чукотка, Колыма-Индигирка), Өзбекстанда (Мурунтау), Уралда (Березовск), Казакстанда (Степняк) ж. б. жерлерде белгилүү. Кырг-нда Жер-Үй, Насонов, Кум-Төр, Куран-Жайлоо, Макмал, Солтон-Сары, Талды-Булак ж. б. алтын кендери табылган. Чет өлкөлөрдө: Түш. Африка Респ-нда (Витватерсранд), Америкада (Канада, Онтарио провинциясы, Юкона д-нын нугу), АКШда (Аляска, Калифорния, Түш. Дакота), Австралияда (Виктория штатындагы Балларат ж-а Бендиго кендери) жайгашкан.