Difference between revisions of "АККАД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
  (Аккаде, Агаде) ''Месопотамиянын'' түн. бөлүгүндө, Багдаддын түн.-батышында жайгаш&#0173;кан байыркы мезгилдеги шаар (Ирактагы азыр&#0173;кы Аббу&#8209;Хабба ш&#8209;на жакын). Анын так орун алган жери белгисиз. Б. з. ч. 24–22&#8209;к&#8209;да А. шаа&#0173;ры Аккад мамлекетинин борборуна айланып, анын курамына бүткүл Төмөнкү Месопотамия ж&#8209;а ''Элам'' кирген. А. шаарын жогорулаткан ж&#8209;а Аккад мамлекетин негиздеген падыша Саргон Байыркы (Аккаддык, б. з. ч. 2316–2261&#8209;ж. баш&#0173;карган) Саргониддер династиясына негиз сал&#0173;ган. Саргониддер активдүү тышкы саясат жүргүзүшүп, Месопотамия (Кош-Өзөн) аралыгы&#0173;нын түн. бөлүгүнө, ''Кичи Азияга,'' Эламга жор&#0173;туулдарды уюштуруп турушкан. Саргондун бий&#0173;лик жүргүзгөн мезгилинде А. мамлекетине ''Шу&#0173;мер'' каратылган. Кийинчерээк Түш. Месопата&#0173;миянын түн. бөлүгү А. деп атала баштаган. А. Эки суу аралыгынын эң кууш жеринде жайга&#0173;шып, түндүктөн түштүккө (Армениядан Перси булуңуна) ж&#8209;а чыгыштан батышка (Ирандан Жер Ортолук деңизине, андан Кичи Азияга) карай кеткен дарыя ж&#8209;а кербен соода жолдору&#0173;нун түйүнү болгон. A&#8209;да ирригациялык система мыкты өнүккөн. Саргондун тушунда эле армия&#0173;нын саны 5400гө жеткен. Алар падышалык казынанын эсебинен кармалган. А&#8209;дын пады&#0173;шалары өзүлөрүн «төгөрөктүн төрт тарабынын», атүгүл «ааламдын» падышалары деп аташкан. Бирок өлкөдөгү ич ара чатактар А&#8209;ды алсыра&#0173;тып, б. з. ч. 2200&#8209;ж. ченде басып кирген тоо&#0173;лук&#8209;кутийлер тарабынан каратылган. Андан соң А. Ур падышалыгынын курамына кирген. Б. з. ч. 3&#8209;2&#8209;миң жылдыктардын чегинде бүткүл Кош&#8209;Өзөн аралыгы сыяктуу эле А. да ''аморе''й&#0173;''лердин'' соккусуна дуушарланган. Кийин ал өз ал&#0173;дынча мамлекет катары жоюлуп, тарыхый ай&#0173;мак катары Вавилон ж&#8209;а Ассирия падышалык&#0173;тарынын курамына кирген. А. шаарынын та&#0173;рыхый аренадан кайсы мезгилде жок болуп кет&#0173;кендиги тууралуу маалыматтар жок ж&#8209;а архео&#0173;логдор тарабынан анын калдыктары табылган эмес. А. шаары тууралуу ''Хаммураппинин'' мый&#0173;замдарында (б. з. ч. 18&#8209;к.), легендаларда, поэ&#0173;маларда, диний гимндерде гана айрым маалы&#0173;маттар сакталган.<br>
  , А к а д е, А г а д е Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түн. бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар ш-на (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. А. бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер  келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган ''Иштар ''кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. А. б. з. ч. 24–22-к-да (Төмөнкү Месопотамияны толугу м-н камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк А. Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, А. мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-ж. башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш ж-а Маништуш, небереси Нарам-Суэн ж-а чөбөрөсү Шарналишарри башкарып ж-а анча белгилүү эмес башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги м-н шумер ному (адм.-айм. бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга    ж-а Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу м-н Сирияга  кол салышып, лулпубеялар м-н Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңталган. А-да убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк  м-н  соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, о. эле армиясы чыңдалган.  
 

09:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

, А к а д е, А г а д е – Төмөнкү Месопотамия ойдуңунун түн. бөлүгүндө жайгашкан байыркы шаар. Шаардын так жайгашкан жери белгисиз. Болжолдуу Сипар ш-на (учурдагы Абу-Хабба; Ирак) жакын жайгашкан болуу керек деп эскерилет. А. бухтада жайгашып, пристань болгон. Ага алыскы өлкөлөрдөн кемелер  келип токтошкон. Уламышта шаарды колдоп турган Иштар кудайы болгон деп айтылат. Эулман храмы ага арналып салынган. А. б. з. ч. 24–22-к-да (Төмөнкү Месопотамияны толугу м-н камтыган) аты окшош мамлекеттин (Эламдарга таасирин орноткон) борбору болгон. Кийинчерээк А. Ортонку Эки Суу арасы тарыхый облусуна жайылган. Шаар өнүгүп, А. мамлекетин түзгөн. Байыркы Саргон (Шауррикен – “Чындык падышасы”) б. з. ч. 2316–2261-ж. башкарган. Ошондон баштап саргониддер династиясы башталып, аны балдары – Римуш ж-а Маништуш, небереси Нарам-Суэн ж-а чөбөрөсү Шарналишарри башкарып ж-а анча белгилүү эмес  башкаруучулар да башчылык кылышкан. Саргондордун убагында шаар Мугальзагесинин жетекчилиги м-н шумер ному (адм.-айм. бирдик) талкаланган. Ар дайым сеператтык маанайдагы көтөрүлүш басылган эмес. Саргондор активдүү сырткы саясатты жүргүзүп келишкен. Эки суу арасына, Кичи Азияга    ж-а Эламга жүрүштөрдү уюштуруп, Перс булуңун бойлой экспедицияга чыгышып, Эбу м-н Сирияга  кол салышып, лулпубеялар м-н Ирандын тоолорунда салгылашып турушкан. Падыша Саргон өзү да 34 жолу салгылашка катышканы айтылып, “Согуш падышасы” деген поэмада даңталган. А-да убагында ирригация системасы өнүгүп, кол өнөрчүлүк  м-н  соода таасирин тийгизип келген. Бирдей чен бирдик киргизилип, о. эле армиясы чыңдалган.