Difference between revisions of "АК КОДОЛ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Aconitum rotundifolium) – байчечекейлер тукумунун уу коргошун уруусундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры эки бөлөк жумуру түймөк. Сабагынын бийикт. 7‑35 смге жетет, тармалданган түк м‑н жыш капталган, жалбырактары 5‑7 бөлүккө бөлүнгөн, түксүз, саптуу; топ гүлү чачы, гүлдөрү көгүш кызыл. Бийик тоодогу жайлоолордо кездешет. Борб. Азия, Жунгар Ала‑Тоосу, Кытайдын бийик тоолорунда таралган.