Difference between revisions of "АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– Кырг‑ндагы бар­дык ил.-из. иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз АОнун Ревкомунун Президиуму та­рабынан уюштурулган мекеме (1924‑ж.). Кыр­гыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын ж‑а программаларын, жобо, инст­рукцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу А. б‑дун башкы милдети болгон. О. эле ил. мекемелердин иштерин жөнгө салуу м‑н жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. А. б‑дун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро ж‑а музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди кор­гоо уюмдары иштеген. Кыргызстан крайтаануу ил.-из. ин‑ту уюшулганга чейин (1928), А. б. тарабы­нан маданий курулуштун актуалдуу, татаал ж‑а ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды ж‑а тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн.