Difference between revisions of "АК-ӨЛӨҢ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:50, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– Ысык‑Көл обл‑нун Тоң р‑ндагы кыштак. Көк‑Мойнок айыл аймагына караш­туу. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш‑нан 90 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 21 км. Деңиз деңг. 1650 м бийиктикте жай­гашкан. 1930‑ж. отурукташкан. Калкы 1497 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, дарыкана, бейтапкана, ки­тепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­та манасчы Саякбай Каралаев, Соц. Эмг. Баа­тыры Ө. Тулөбердиев туулган.