Difference between revisions of "АК КУУЛАР"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Суgnus) – каз сымалдар түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Уз. 150 cjnre чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. А. к‑дын 6 түрү, а. и. КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу ж‑а кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү- кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги м‑н ургаачысы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк м‑н азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кырг‑нда ышылдак ж‑а куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.