Difference between revisions of "АКВАТИНТА"
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(итал. acquatinta; лат. aqua – суу, tinto – түс) – терендетилген гравюранын бир түрү. Металл тактанын бетине асфальт чайыры же
канифоль күкүмдөрү (көп учурда экөө тең) м‑н тегиз себилип, ысытылат; күкүмдөр тактанын үстүнө майда чекитчелер болуп бекип калат. Ушундай жол м‑н пайда болгон чекмелик кыртышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. К‑тага туруктуу лакты жебилгенин жардамы м‑н тартылган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт ж‑а тактаны к‑тага салуу м‑н аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо м‑н сүрөттү карартышат ж‑а терең такты алышат. А‑нын гравюрасын жасап жаткан учурда к‑та күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет ж‑а тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот, ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги, түстөгү тактарды берет, к. Тереңдетилген гравюра. Көчүрмөдө А. тушь же акварель м‑н тартылган сүрөттү элестетет. А‑нын тех. ыкмалары м‑н материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмалары бар. А. 17‑к‑дын 60‑жылдарында Францияда пайда болгон. Көп учурда аны репродукциялык техника катары пайдаланышкан.