Difference between revisions of "«АКАДЕМИЯ КЕЧЕЛЕРИ»"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– кыргыз элинин миң жылдап басып өткөн тарыхый улуу жолун профессионалдык ад‑ттын көркөм каражаты м‑н эпикалык масштабда чагылдырууга аракеттенген алгачкы ири чыгарма. 20‑к‑дын 30‑жылдарындагы Кырг‑нда курулуп жаткан соц. коомдун өзгөчө артыкчылыгын даңазалоо («Биз ким элек, ким болдук?») максаты м‑н К. Тыныстанов баш болгон авторлор тобу тарабынан (К. Жантөшев, Ш. Көкөнов, А. Сопиев) 193132‑ж. жазылган. К. Тыныстанов өзүнүн 1933‑ж. 3‑июнда «Советская Киргизия» гезитине жарыялаган «Мой путь, мое творчество, мое лицо» деген макаласында «А. к.» кыргыз элинин узак тарыхын – илгерки аскердик‑феодалдык заманын, кечээги колониялдык‑капиталисттик доорун, пролетардык соц. курулуш мезгилин искво тили м‑н көрсөтүүнү максат кылгандыгын, үч доорду чагылдырган мындай зор драмалыктеатрдык панорама аркылуу негизги үч максатты көздөгөндүгүн маалымдайт. Автор аталган макаласында: 1) таптардын күрөшүндө зарыл курал болуп эсептелген иск‑вого материалисттик көзкараштын тууралыгын көркөм форма аркылуу көрсөтүү болгон. Бирок сынчылар бул драмалык чыгарманын идеялык мазмуну ошол кездеги бурж. улутчулдардын О. Азия элдеринин рев‑яга чейинки турмушу кой үстүнө торгой жумурткалаган бейпилдик катары даңазаланган деп айыпталат; 2) бул бөлүктө кыргыз коомундагы тап күрөштөр тарыхынын негизги учурлары м‑н эмгекчилерди тааныштырууну көздөгөн болсо («Көз көргөндөр»), кыргыздын бий‑манаптарынын жүрүм‑турумун, кылыктарын сынга алууга аракет кылышканы м‑н бүтүндөй алганда «А. к.» табияттын кучагында бейкапар уктап жаткан кыргыздардын өткөндөгү төгөрөгү төп турмушу, тапсыз идеалдуу патриархалдык бейпилчилдикке суктануу, кайрылгыс болуп кеткен «алтын мезгил» ж‑дөгү сагыныч күчтүү деген айып коюлган. Спектаклде кыргыздын ири манабы Шабдандын өлүмү эл тарабынан жалпы кайгы, жалпы трагедия катары кабыл алынат. Көпчүлүк аны жалпы элдик баатыр катары даңазалайт. Авторлор «калктын атасы» деп атайт деп күнөөлөгөн; 3) сынчылар социализм үчүн күрөштө пролетариаттын маанилүү куралы болгон пролетардык иск‑вонун жардамы м‑н эмгекчилерди уюштуруу, баш коштуруу экендиги баса белгиленбестен, кыргыз элинин жаңы турмушка карата
кыймылы совет бийлиги, колхоз түзүлүшү үчүн болгон күрөшү примитивдүү түрдө бурмаланып көрсөтүлгөн деп катуу сындалган. Кол жазма (оригинал) бизге чейин келип жеткен жок. Бар болгону К. Тыныстановдун өзү түрмөдө жатып сурак учурунда «А. к‑нин» эсинде калганы б‑ча которуп, «түшүнүк» катары жазып берген орусча варианты гана бар.
Т. Абдылдабеков, А. Обосканов.