Difference between revisions of "АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
– Талас өрөө­нүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган ба­йыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери м‑н илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, гео­граф ж‑а Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чер­ | – Талас өрөө­нүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган ба­йыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери м‑н илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, гео­граф ж‑а Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чер­тёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кырг‑ндын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жай­ында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табыл­ган. Аны жерг. мугалим Гастевдин жардамы м‑н ошол кездеги Аулие-Ата уездинин начальниги В.А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус ж‑а чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туу­дурган. 1898‑ж. В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор археол. экспедициясы ба­йыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу ж‑а кото­руу иштерине орус түркологдору В. В. ''Радлов,'' П. М. ''Мелиоранский,'' С. Е. ''Маловдун,'' түрк оку­муштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. ''Батпмановдун,'' россиялык С. Г. ''Кляштпо''р­''ныйдын'' чоң салымдары бар. 1961‑62‑ж. П. Н. Ко­жемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. ''Асаналиев,'' К. Ашыралиев, Ч. ''Жумагулов'' өндүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан,о. эле 1977‑ж. ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.

тёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кырг‑ндын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жай­ында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табыл­ган. Аны жерг. мугалим Гастевдин жардамы м‑н ошол кездеги | |||
[[File:АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ29.png | thumb | Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.]] | [[File:АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ29.png | thumb | Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.]] | ||
1898‑ж. ачылып, жо­голуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра та­бууда ж‑а изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑ж. Жон‑Арык айылынан жаңы руника­лык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эс­теликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург ш‑ндагы Эрмитажда, Хельсинки ш‑нда, Манас­тын күмбөзүнүн жанында, Бишкек ш‑ндагы мамл. тарых музейинде, КУУда сакталып ту­рат.

тарых музейинде, КУУда сакталып ту­рат.

Айыртам‑Ой ж‑а ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегил­ген 12 таш табылган.
| Айыртам‑Ой ж‑а ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегил­ген 12 таш табылган.

Ад.: ''Ч. | Ад.: ''Жумагулов Ч.'' Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; ''Каллаур В. А.'' Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; ''Каллаур В. А.'' Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.

18:20, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Талас өрөөнүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган байыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери м‑н илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, географ ж‑а Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑ж. «Чертеж всех сибирских градов и земель и чертёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кырг‑ндын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жайында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табылган. Аны жерг. мугалим Гастевдин жардамы м‑н ошол кездеги Аулие-Ата уездинин начальниги В.А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус ж‑а чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туудурган. 1898‑ж. В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор археол. экспедициясы байыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу ж‑а которуу иштерине орус түркологдору В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Маловдун, түрк окумуштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. Батпмановдун, россиялык С. Г. Кляштпорныйдын чоң салымдары бар. 1961‑62‑ж. П. Н. Кожемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагулов өндүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан,о. эле 1977‑ж. ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.
1898‑ж. ачылып, жоголуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра табууда ж‑а изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑ж. Жон‑Арык айылынан жаңы руникалык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эстеликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург ш‑ндагы Эрмитажда, Хельсинки ш‑нда, Манастын күмбөзүнүн жанында, Бишкек ш‑ндагы мамл. тарых музейинде, КУУда сакталып турат.
Айыртам‑Ой ж‑а ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегилген 12 таш табылган.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; Каллаур В. А. Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; Каллаур В. А. Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.