Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– а. ч. өндүрүшүндө трактор, комбайн ж. б. машинелерди ж‑а шаймандарды колдонуу жолу м‑н кол эмгегин механикалаштыруу процесси. Мында жер кыртышын терең айдоо, бир эле убакта үрөн себүү ж‑а жер семирткич чачуу, өсүмдүктөрдү азыктандыруу ж. б. жумуштарды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ч. өндүрүшүн механикалатптыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгү 5‑6 эсе өсүп, күч жумшоо 4 эсе төмөндөйт. А. ч. өндүрүшүндө асма машиналары ж‑а шаймандары чиркеме машиналарга караганда көп колдонулат. Анткени асма машиналар жеңил келип, колдонууга ыңгайлуу. Мын
да тартуу күчү аз талап кылынат ж-а агрегат тез-тез бурулуп иштөө кыймылы жогору. Натыйжада күйүүчү май 10-15% ке аз сарпталат. А. ч. м-нун теор. ж-а эксперименттик негиздерин орус илимпозу ВАСХНИЛдин акад. В. П. Го рячкин биринчи болуп түзгөн. Тоют даярдоодо тоют иштетүүчү, таратуучу ж-а сапатын текшерүүчү өзү жүрмө машиналар колдонулат. Механикалаштыруунун эң жогорку түрү – айыл чарба өндурүшүн автоматташтыруу м-н катар электрондук-пландоо ж. б. эсеп-кысап иштери да механикалаштырылат. Ы. Ж. Осмонов.