Difference between revisions of "АЙША"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(614- ж. чен, Меке – 13. 7. 678, Медина) – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы, биринчи халиф Абу Бакрдин (Абу Бекр) кызы. Ал мусулманчылыкты алгач кабыл алгандардын бири, пайгамбардын шериктеши болгон. Пайгамбар м‑н өткөргөн 9 жыл ичинде андан абдан көп диний сабактарды алган. А. жамаатта көрүнүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн болгон саясий күрөшкө активдүү катышат, халифтикке жеткен Алинин (Азирет Алинин) душмандары тарабына өтөт. А. 656‑ж. болгон «төөчөндөр согушуна» өзү катышат. Согушта Алинин жеңишине байланыштуу саясий күрөштөн четтеп калган. Мухаммед өлгөндөн кийин «мусулмандардын энеси» деген атакка ээ болгон.
Б. Солтонбеков.