Difference between revisions of "АСФАЛЬТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
(гр. аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ ''битум'' м-н майда минерал заттардын (акиташ, кум ж. б.) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). А. табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й А. жеӊил фракциялардын бууланышын ж-а гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу А-ка айланат. А-тын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. А. жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин ж. б. тоотектеринин жаракасында кезигет. Ж а с а л м а  А. майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый А-тын курамында нефть майы көп ж-а бир нече процент парафин болот. А. күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму м-н аралаштырып, А. мастикасын даярдайт. А. мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга ж-а андагы битумдун кошундусу б-ча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.<br>
АСФАЛЬТ(гр. аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ ''битум'' м-н майда минерал заттардын (акиташ, кум ж. б.) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). А. табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й А. жеӊил фракциялардын бууланышын ж-а гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу А-ка айланат. А-тын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. А. жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин ж. б. тоотектеринин жаракасында кезигет. Ж а с а л м а  А. майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый А-тын курамында нефть майы көп ж-а бир нече процент парафин болот. А. күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму м-н аралаштырып, А. мастикасын даярдайт. А. мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга ж-а андагы битумдун кошундусу б-ча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.<br>

13:59, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АСФАЛЬТ(гр. аsрhаltоs ‒ тоо чайыры) ‒ битум м-н майда минерал заттардын (акиташ, кум ж. б.) аралашмасынан турган курулуш текзаты (материалы). А. табигый ж-а жасалма болуп бөлүнөт. Т а б и г ы й А. жеӊил фракциялардын бууланышын ж-а гипергенездин таасири астында окистенишинин натыйжасында нефтиден пайда болот. Нефть адегенде илээшкек коюу мальтка, андан кийин оӊой эрүүчү катуу А-ка айланат. А-тын андан ары өзгөрүшү асфальтитти пайда кылат. А. жаратылышта курамы 2‒20%ке чейин асфальтити бар акиташ тегинин, доломиттин ж. б. тоотектеринин жаракасында кезигет. Ж а с а л м а А. майдаланган минералдык заттарга аралаштырылган 13‒60% битум аралашмасы. Табигый А-тын курамында нефть майы көп ж-а бир нече процент парафин болот. А. күкүмдөрүн ысытуу убагында аларды табигый же нефть битуму м-н аралаштырып, А. мастикасын даярдайт. А. мастикасы бир өӊчөй түзүлүштө болууга ж-а андагы битумдун кошундусу б-ча салмагы 13%тен кем болбоого тийиш.