Difference between revisions of "АЙНЕК БУЛАСЫ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– эритилген айнектен түрдүү жолдор м‑н даярдалган жасалма материал. Диаметри 3,5‑100 мкм, уз. 20 км болгон үзгүлтүксүз ж‑а диаметри 0,5 – 20 мкм, уз. 1‑50 см штапелдик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдамдуулугу (мис., кварц, кремнезем, коалин булалары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогор ку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү ж‑а бышыктыгы, хим. туруктуулугу м‑н мүнөздөлөт. А. б. текстиль буласы ж‑а жылуулук
өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуунун технол. үч түрү – эритилген айнек массасын чоюп‑созуу, айнек массасын борбордон четтөөчү күчтүн жардамы м‑н агымдарга ажыра туу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була хим. курамына жараша 500‑700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада А. б. чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), о. эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Андан жасалган материалдарды по лиэфир, кремний, орг. чайыр м‑н чапташтырганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алы нат. Айнек текстолити ж‑а айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 1030 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөрдү ороо үчүн, акустикалык материал ж‑а катмарлуу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмөлөрдүн тосмо констр‑лары катары колдонулат.