Difference between revisions of "АЙКӨЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
  – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, ад и лет, кебел­бес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Би рок А. деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жа­шоодо ж‑а фольклордо – «Ай» эркектин наркы м‑н байланыштырылган, о. эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маа­нисинде да айтылган ж‑а айтылып келет: «Ал тын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбат­чылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп ке лет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз ти линде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, А. алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. ''С. Асанбеков.''
'''АЙКӨЛ''' – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебел­бес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок А. деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жа­шоодо ж‑а фольклордо – «Ай» эркектин наркы м‑н байланыштырылган, ошондой эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маа­нисинде да айтылган ж‑а айтылып келет: «Алтын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбат­чылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп келет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз тилинде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, А. алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. ''С. Асанбеков.''
 

14:31, 25 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЙКӨЛ – кыргыз дүйнө таанымынын маанилүү түшүнүгү; Манастын жеке өзүнө тиешелүү кең пейилдигин билдирген туруктуу эпитет катары арстан, көкжал, кабылан, шер, адилет, кебел­бес ж. б. сыяктуу эпитеттердей эле баатырдын асыл сапатын данистелөө үчүн колдонулат. Бирок А. деген эпитет эч жерде чечмеленген эмес. Байыркы түрк символикасында – күнүмдүк жа­шоодо ж‑а фольклордо – «Ай» эркектин наркы м‑н байланыштырылган, ошондой эле «Ай» – «Ак» деген сөздүн эквиваленти. «Ак» – чындык маа­нисинде да айтылган ж‑а айтылып келет: «Алтын таягы жылтылдап, Ай кудайы күркүрөйт», «Ак ийилет, бирок сынбайт». Ак Теңир, Кудай дегенди да билдирген. Кененчиликтин, бакыбат­чылыктын символу катары «Ак» деп каймана түрдө «Сүт көлү» деп берилет. Байыртадан эле Айбалта (Акбалта), Айдаркан, Айкаган (айкан) деген энчилүү аттар да коюлган. «Ай» сөздүн маанисин күчөткүч катары да колдонулуп келет. «Көл» байыркы түрк тилинде хандардын, атактуу инсандардын титулдарын билгизген сөздөргө кошулуп айтылчу. Азыркы кыргыз тилинде кең пейил, токтоо, көтөрүмдүү адам «Көл киши», «Көл жигит» деп мүнөздөлөт. Демек, А. алгач эпитет эмес, Манастын эл баштоочулугу, журт коргоочулугуна байланышкан «Айкөл» деген титул болушу ыктымал. С. Асанбеков.