Difference between revisions of "АЗЫК"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– кыргыздардын оң канат урууларынын тагай уруулук бирикмесинин курамындагы уруу. Элдик санжыраларда Тагай бийдин бакма баласынан тараган уруу катары баяндалат. Уламыштардын биринде А. уруусунун түпкү теги ж‑дө мындай окуялар айтылат: Тагай бий ак үйлүү болуп, Эреше ханга барганда, анын үйтиричилигин тейлеп туруш үчүн дайындалган ордо кыздарынын бирин ага убактылуу үйлөндүрөт. Мөөнөтү аяктаган мезгилде, Тагай бий элине кайтар алдында кош бойлуу аялына: «кыз төрөсөң өзүң чоңойтуп, бой жеткенде ыйлабай турган жерге узатып кой, эгер эркек төрөсөң, ал эс тартканда менин тек жайымды түшүн-
дүрүп, белги катары кестигимди (бычак) бер. Эр азамат болсо өзү мени издеп табар», – деп айтып, коштошуп жөнөп кетет. Тагай бий кеткенден кийин аялы эркек төрөп, атын Карачоро коет. Карачоро эр жеткенде атасын издеп жолго чыгат. Ага жолдон селсаяк бир бала кошулат. Ал экөөнө ата‑энесин кандайдыр бир өкүмдар өлтүрүп, андан качып жүргөн дагы бир бала жолугат. Карачоро аны да өзүнө жолдош кылып кошуп алат. Үч бала кыргыздарга ке лип, Тагай бийди табышат. Ал Карачородон өзү калтырып кеткен кестиги аркылуу өз баласы экендигин тааныган соң, жанындагы эки баланын жөнүн сурайт. Карачоро: бирөө селсаяк бала экен, жолдош кылып алдым, экинчисине азыгымды көтөрттүрүп келдим,- деп жооп берет. Жоопту уккан Тагай бий баламды ээрчип кел ген балдар экенсиңер, силер да мага уул болуп калдыңар деп, селсаяк баланы Саяк, азык көтөрүп келген балага Азык деп ат коюп, бала кылып алыптыр. Кийин Саяктан саяк уруусу, Азыктан азык уруусу тараган экен. Бул уламыш А. уруусунун аталышынын элдик этимологиялык чечмелениши катары пайда болгондугун изилдөөчүлөр белгилешет. Уламыш кан дайдыр бир деңгээлде бул уруунун оң канат уруу ларынын арасындагы чоочун этностук компо нент экендигин көрсөтөт. Бирок кыргыз эли А. уруусу кыргыздардын байыркы урууларынын бири катары эсептеп келишкен. Б. Солтоноев жыйнаган маалыматтарда, А. – байыркы уруу, кыргыздар Алтай‑Каңгайдан келгенде кошо кел ген уруу, – деп айтылат. Уламыштарга караганда, Тагай бий балдарына энчи бөлүштүрүүдө А‑ка келгенде аны «Нокто атасы» (мааниси Тагай тукумуна кирген кайсыл гана уруу болбосун, олжо бөлүштүрүлгөндө А‑тарга биринчи ж. б‑лардан көбүрөөк бөлгөнгө милдеттүү бол гон) кылып дайындайт. Ошондуктан A‑ты «нок то атасы» же «олжо агасы» деп аташып, аны улуу уруу катары таанышкан. Тарыхый булак тарда да А. уруусу байыркы уруулардан болгондугун көргөзгөн айрым фактылар кездешет. Изилдөөчүлөр А. уруусунун түпкү тегин о. кылымдарда Түш. Сибирь аймагында жашаган кыр гыздардын кошунасы «аз» эли м‑н байланыштырат. Белгилүү этнограф С. М. Абрамзон аларды батыш түрк урууларынын бири – «асигилер» м‑н жакындаштырат, о. эле түргөштөрдүн «азийлери» м‑н да окшоштурат. А. уруусун азыркы теленгуттар м‑н кыштымдардын курамына кир ген алтайлык «төрт‑ас» тобу м‑н салыштырса болот. Себеби, алтайлык «төрт‑ас» уругу сыяктуу эле кыргыздардын А. уруусу да «төрт тамгалуу А.» деп төрткө бөлүнгөндүгү алардын та рыхый бир мезгилдерге тектеш элементтерден болгондугун далилдейт. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикири б‑ча А. уруусунун түпкү теги о. кылымдардагы «аз» деп аталган этностук топ
м‑н тыгыз байланышта болгон. Этнонимден байыркы түрк тилинде «аз» ж‑а «ок» деген сөздөрдөн «азык» аталып кеткендиги байкалат. А. уруусу негизинен бычман, козугуна, байкүчүк ж‑а бөрү деген төрт урукка бөлүнүп, «төрт тамгалуу А.» деп аталат. Булардын ичинен «бөрү» уругун А‑тын багып алган баласы же анын жээни деп баяндаган санжыралык уламыштар кездешет. А. уруусу негизинен Нарын обл‑нун Кочкор ж‑а Ат‑Башы, Чүй обл‑нун Кемин ж‑а Жайыл р‑ндорунун айрым кыштактарында жайланышкан. Сан жагынан анча көп болбостон, илгертеден эле сарыбагыш уруусу м‑н бирге, ымалалаш уруу болуп эсептелинип келген.
Р. Жолдошов.