Difference between revisions of "АЗАМАТ АЛТАЙ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Кожомбердиев К удайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп р‑нундагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. Токмоктон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑ж. Советтик
Армияга чакырылып, Литванын Каунас ш‑нда
аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик
согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында
фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑ж. үчүнчү жолу качып чыгып, француз
партизандарына кошулат.
Согуш аяктагаидан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой,
Францияда калып калган.
Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен м‑н таа-
нышып, О. Азиянын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу
материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑ж. Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑ж. журналдын ордуна «Азаттык» радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑ж. 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (учурда
1960‑ж. «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эр кин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары иштеп жатат) обого алып чык кан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия ун‑тинин ил. китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология ж‑а кыргыз таануу б‑ча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу м‑н кызматташып турган. 1970‑ж‑дын аягында Мюнхенге келип, 1984–88‑ж. «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑ж. 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый ко нок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, мад‑ты, ад‑ты б‑ча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑ж. Жалал‑Абад мамл. ун‑тине тартуулаган.