Difference between revisions of "АЗА КҮТҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп белгилүү убакытка чейин кайгы­руу жөрөлгөсү. А. к. көп элдердин салтында бар. Кыргыздарда, айрыкча аялдардын А. к‑сү өтө оор болгон. Жесир аял күнүгө үч маал кошок кошуп, бир жыл бою үйүнөн чыкпай, кара ки­йип тул тартып олтурган. Бетин тытып, бели­не тасма тартып, кыл аркан төшөнүп отуруу сыяктуу ар кандай кыйноолорду тарткан. Кыр­гыздын өткөн турмушунда А. күтүүнүн белгиси катары жыл маалына чейин үйдүн түндүгүнөн ак, кызыл же көк түстөгү «аза туу» (союлган малдын куйругу тагылган укурук) чыгарып ко­юшкан. Ак «аза туу» маркумдун улгайганды­гын, көк «аза туу» өлгөн адамдын орто жашта болгонун, ал эми кызыл «аза туу» болсо мар кумдун жаш экендигин билдирген. Жыл маа­лында туугандары, сөөк‑тамырлары «азалап» келип, куран окутушкан. Ашы берилгенден кийин азалуу туу жыгылып, каралуу күн ток­тотулган.	
Б. Солтонбеков.