Difference between revisions of "АДЫР термин"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Кырг‑нда ж‑a чектеш өлкөлөрдө тоо этектерин ээлеген дөңсөөлөр. Ага тоо этектеринде же аларга жакын аймактарда таралган дөңсөөлүү, капталдары кокту‑колоттуу, жанаша жаткан түздүктөрдөн 100‑400 м көтөрүңкү, үстүнкү бети лёсс же төртүнчүлүк мезгилдин талкаланган борпоң тектеринен түзүлгөн аймактар кирет. А‑ларга негизинен чөл, жарым чөл ж‑а талаа ландшафттары мүнөздүү. Жазында эфе мер өсүмдүктөрү гүлдөп, көк шиберге айланса, жайында алар «күйүп» кетип, боз талаага, чөлгө айланат. А‑лар Кырг‑ндын аймагында, айрыкча Фергана өрөөнүнүн тоо этектерине ж‑а Ички Теңир‑Тоонун өрөөндөрүндө кеңири таралган. Ага байланыштуу энчилүү аттар да арбын: АдырТөр, Отуз‑Адыр, Доңуз‑Адыр ж. б.