Difference between revisions of "АДМИРАЛТЕЙСТВО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – 1) 17–19‑к. Франция, Нидерланд, Испания ж. б. өлкөлөрдөгү аскер­деңиз күчтөрүн башкаруучу ж‑a командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда А. Улуу Брита­нияда гана сакталып калган. Ал 1690‑ж. не­гизделип, 1869‑жылдан А‑нун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз ипггери б‑ча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт­Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр Iнин өзүнүн чий­меси б‑ча Балтика деңизинде Неванын жээги­не биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704‑ж. салынган. 1711‑ж. башкы фасаддын ор­тосуна шпили м‑н мунара тургузулган. 1732– 38‑ж. таш м‑н кайра курган кезде (арх. И. К. Ко робов) мунаранын бийикт. 72 мге жетип, шаар­дын арх‑ралык композициясынын ролун кү­чөткөн. 1806–23‑ж. арх. А. Д. Захаровдун дол­боору б‑ча П түрүндөгү планды сактоо м‑н чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут‑Малиновс­кий, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пи менов ж. б. аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 1945– 56‑ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ.

В. И. Щербакова). А. ансамбли Санкт‑Петербургдун санжыргаларынын бири.
Ад.: Пилявский В. И. Главное адмиралтейство в Ленинграде. Л.; М., 1945; Сашонко В. Н. Адмиралтейство. 3‑изд. Л., 1982.